Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 16-июлу № 251-б
Эл аралык финансылык институттар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан каржылануучу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Сектордун өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында кесиптик-техникалык билим берүү системасын колдоо, өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча байкоочу комитет (мындан ары - Байкоочу комитет) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Байкоочу комитет өзүнүн жыйындарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетун уксун.
3. Байкоочу комитет зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери Байкоочу комитеттин ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Байкоочу комитеттин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Абылгазиев |
Тиркеме
"Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында кесиптик-техникалык билим берүү системасын колдоо, өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча байкоочу комитеттин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика боюнча вице-премьер-министри, Байкоочу комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кесиптик билим берүү маселелерин тейлеген орун басары, Байкоочу комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин тышкы жардам маселелерин тейлөөчү орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин тышкы жардам маселелерин тейлөөчү орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин тышкы жардам маселелерин тейлөөчү орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын эмгекчилердин социалдык жана экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча).