КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 18-июну ПБ № 141
Кыргыз Республикасы менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасы менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисине жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Микронезия Федеративдүү Штаттары,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү бекемдөө жана урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен, тийиштүү деңгээлде тийиштүү мамлекеттер ыйгарым укук берген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, орус жана англис тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей күчкө ээ.
Ушул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө каршы пикирлер жаралган учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
_____________ шаарында 2018-жылдын "__" ______________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Микронезия Федеративдүү Штаттары үчүн |
_______________________________ |
| _______________________________ |