Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-июлу № 267-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Бишкек эт консерва комбинаты" ачык акционердик коомунун балансынан Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 253 дареги боюнча жайгашкан балдар бакчасынын имаратын тиешелүү жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кыймылсыз мүлктү сактоо, аны күтүү жана тейлөө боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздоо.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кыймылсыз мүлккө мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте өткөрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |