Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 24-августу № 371-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб Координациялык тобунун өкүлдөрүнүн ортосунда өткөн үчүнчү тегерек столдо каралган долбоорлорду жана жетишилген макулдашууларды натыйжалуу жана өз учурунда ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб Координациялык тобунун өкүлдөрүнүн ортосундагы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чаралардын планы (мындан ары - Практикалык иш-чаралардын планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери:
- Практикалык иш-чаралардын планын өз учурунда жана сапаттуу ишке ашырууну камсыздашсын;
- Практикалык иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Практикалык иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-июлундагы № 269-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| М.Д.Абулгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб Координациялык тобунун өкүлдөрүнүн ортосундагы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ПРАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Долбоордун аталышы | Аткаруучулар | Долбоордун болжолдуу суммасы (млн. АКШ доллары) | Ишке ашыруунун башталышы | Иш-чаралар | |
аталышы | аткаруу мөөнөтү | |||||
1 | Жети-Өгүз районундагы Жууку дарыясына суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги | 12,0 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
|
|
|
|
| Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы |
|
|
|
|
| тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы |
2 | Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Үч-Коргон айылына суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги | 5,0 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы | |||||
тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы | |||||
3 | Жумгал районундагы Түгөл-Сай дарыясына суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги | 6,0 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
|
|
|
|
| Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы |
тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы | |||||
4 | Кочкор районундагы Шамшы айылына суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги | 5,0 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
|
|
|
|
| Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы |
|
|
|
|
| тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы |
5 | Айыл чарбадагы кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги | 50,0 | 2019-жылдын III кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы | |||||
тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы | |||||
6 | Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун реконструкциялоо (Ысык-Көл алкагы), 104-220 км | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги | 150,5 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
|
|
|
|
| АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры |
Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы | |||||
тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы | |||||
7 | Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо, 4-фаза | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги | 84,4 | 2019-жылдын III кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
|
|
|
|
| Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы |
|
|
|
|
| тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы |
8 | Инновациялык технологиялары бар көп тармактуу медициналык борборду куруу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 20,0 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
|
|
|
|
| Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы |
тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы | |||||
9 | Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун жаңы корпусун куруу жана жабдуу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 17,0 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы | |||||
тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы | |||||
10 | Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясын модернизациялоо | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 8,23 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
|
|
|
|
| Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы |
|
|
|
|
| тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы |
11 | Талас жана Баткен облустарындагы айылдардын суу менен камсыз кылуу системаларын куруу жана реабилитациялоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | 50,0 | 2018-жылдын IV кварталы | АКТ тарабынан кредиттердин макулдугун алуу; | 2017-жылдын ноябры |
АКТдан макулдашуунун долбоорун алуу; | 2017-жылдын декабры | |||||
Макулдашуунун долбоорун Өкмөттүн тиешелүү чечими менен жактыруу; | 2018-жылдын февралы | |||||
|
|
|
|
| тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү/КР мыйзамдарына ылайык бекитүү боюнча жол-жоболорду жүргүзүү | 2018-жылдын майы |
| ЖАЛПЫ |
| 408,1 |
|
|
|