Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 456-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-августу № 324-б
Кеңейтилген кредиттик механизмдин (ЕКФ) жардамы менен Эл аралык валюта фонду тарабынан колдоого алынуучу финансы-экономикалык программаны ишке ашыруу боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында энергетикалык субсидияларды кыскартуу жана социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалалабадэлектр", "Ошэлектр" ачык акционердик коомдору (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Планды аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын энергетикалык субсидияларды кыскартуу жана социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Максаты | Милдеттери | Чаралар/иштер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучу, кошо аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1 | Энергетика секторунда субсидияларды кыскартууну камсыздоо | 1. Чыгымдардын ордун толтуруу деңгээлин жогорулатуу | 2018-2021-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2017-жылдын декабры | Жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди этап менен жогорулатуу | ОЭКМА |
2. Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди жогорулатууга байланышкан кеңири маалыматтык компанияны жүргүзүү | Электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө реалдуу чыгымдар тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иштер; - төмөн тарифтер саясатынын жалпы экономикалык жана социалдык кесепеттери жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу | Туруктуу | Социалдык чыңалууну азайтуу, электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди жогорулатуунун зарылдыгын түшүнүүнү жогорулатуу | ӨЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), бөлүштүрүүчү компаниялар (макулдашуу боюнча), ОЭКМА | ||
3. Энергетикалык субсидияларга байланышкан бюджеттик жана жалпы экономикалык сарптоолордун ачык-айкындуулугун камсыздоо | Энергетика секторундагы трансферттер, ссудаларды рекредиттөө жана реструктуризациялоо жөнүндө маалыматтарды республикалык бюджетке карата түшүндүрмө катка киргизүү | Кезектеги финансылык жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө | Бюджеттик чыгымдардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу | ФМ | ||
4. Башкаруу системасын чыңдоо | Бөлүштүрүүчү электр компанияларынын тармактарында электр энергиясынын жоготууларын 12,5%дык деңгээлге чейин азайтуу; | 2017-жылдын декабры | Энергетика компанияларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу | ӨЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), бөлүштүрүүчү компаниялар (макулдашуу боюнча), жылуулук менен камсыздоочу ишканалар (макулдашуу боюнча) | ||
- АСКУЭ прибордук камсыздоо деңгээлин 29%дык деңгээлге чейин жеткирүү; | 2021-жылдын декабры | |||||
- төлөмдөрдү жыйноону 100%дык деңгээлде камсыздоо; | Жыл сайын | |||||
- электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгууга, транзиттөөгө, сатууга чыгымдардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү; | Жыл сайын | |||||
- ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу; - ОЭК ишканаларынын кирешелери жана чыгымдары тууралуу деталдуу отчетторду жарыялоо; - жарыялоо тууралуу талаптарды аткарбагандык үчүн жоопкерчиликке тартуу | Туруктуу | |||||
5. Энергияны үнөмдөө саясатын өнүктүрүү | Кыргыз Республикасында энергетикалык текшерүүнү ишке киргизүү | 2017-жыл | Энергия ресурстарын өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө энергияны үнөмдөө потенциалын жана экономиканын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу | ӨЭЖМК, Курулуш агенттиги, Экотехинспекция | ||
- имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү жана (же) от казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгил менен контролдоо; | Дайыма | |||||
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде энергияны үнөмдөө боюнча иш-чаралардын деталдуу планын иштеп чыгуу | 2018-жыл |
| ӨЭЖМК | |||
2 | Кыргыз Республикасында социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | 1. Кыргыз Республикасында калкты социалдык коргоого чыгымдарды оптималдаштыруу | Аларга жетүү үчүн так аныкталган максаттар жана конкреттүү чаралар менен социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жыл | Мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | Эмгексоцмин, ФИ |
Натыйжасыз категориялык программаларды (акчалай компенсациялоо программасы) акырындык менен азайтуу | Дайыма | Акчалай компенсациянын өлчөмдөрү индексацияланбаган жаңы категориялардын жоктугу | Эмгексоцмин, ФИ | |||
Пенсиялардын өлчөмдөрүн жыл сайын индексациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актысынын | 2018-2021-ж.ж. | Пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу | Соцфонд, МФ | |||
Электр энергиясына компенсациялык төлөмдөрдү рационалдаштыруу мүмкүндүгүн кароо | 2018-2019-ж.ж. | Электр энергиясына компенсациялык төлөмдөрдүн деңгээлинин жетиштүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоо | Соцфонд, МФ |