Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-августу № 288-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Меморандумга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтү,
эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен,
транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө умтулууну жетекчиликке алып,
транспорттун натыйжалуу иштөөсү Тараптардын мамлекеттеринин экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү фактору экендигин таануу менен,
өз ара түшүнүшүүнүн негизинде транспорттун бардык түрлөрүн өнүктүрүүнү каалоо менен жана эки мамлекеттин ортосунда жүк жана жүргүнчү каттамдарын ишке ашырууну жеңилдетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле алардын аймагы боюнча үчүнчү мамлекетке транзитти камсыздоого умтулуу менен,
Тараптардын мурда кабыл алган транспорт жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин ырастоо менен,
төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө жетишишти:
1-берене.
Тараптар транспорт жаатындагы өз ара экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүшөт жана тереңдетишет.
2-берене.
Тараптардын ар бири өз аймагында Тараптардын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жана өз ара түшүнүшүүнүн принциптеринде эки Тараптын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну, алардын аймагында транзиттөөнү жүзөгө ашырган экинчи Тараптын транспортунун бардык түрлөрүнүн иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.
Эки мамлекеттин ортосунда жана алардын аймактары аркылуу темир жол, аба жана автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну уюштуруунун тартиби Тараптардын ортосунда түзүлгөн айрым эл аралык келишимдердин негизинде аныкталат.
3-берене.
Тараптар эки мамлекеттин транспорттук ишканаларынын жана уюмдарынын түз экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө жана транспорт жаатында биргелешкен ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар эки мамлекеттин транспорттук каражаттарды даярдоо жана оңдоп-түзөө жаатындагы ишканалардын кызматташуусуна көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар өз мамлекетиндеги транспорт ишинин шарттарында экинчи Тараптын кызыкчылыктарын көздөгөн өзгөрүүлөр жөнүндө бири бирине кабарлашат.
5-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткарууну камсыздоо максатында, ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда жүк ташууда кыйынчылыктар пайда болсо, Тараптардын тиешелүү мамлекеттик органдары түз байланышка чыгышат жана зарылдыкка жараша өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эки тараптуу кеңешмелерди өткөрүшөт.
6-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун айрым беренелерин чечмелөөгө жана аткарууга байланышкан бардык талаш маселелерди Тараптар сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечишет.
7-берене.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум Тараптар катышкан башка эл аралык келишимдерге ылайык алар кабыл алган милдеттенмелерди козгобойт.
8-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Меморандум беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумду токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин аталган мөөнөтү аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирбесе, анын жарактуулугу автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.
_______________ шаарында, 2018-жылдын "___" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумду чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |