Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу № 307-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директоруна аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Соода министрлиги (мындан ары - өз-өзүнчө "Тарап" жана биргеликте "Тараптар" деп аталуучу);
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында өз ара түшүнүүгө көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн таанып;
Тараптардын мамлекеттеринин керектөөчүлөрүн колдоого умтулууда Тараптардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн баалуу артыкчылыктарын жакшыртуу менен;
өз ара ишенимди бекемдөө жана эки Тараптын эксперттери үчүн багытталган программаларды иштеп чыгуу аркылуу достук мамилени андан ары колдоону каалап;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Предмет
Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун предмети болуп Тараптардын ортосундагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы туруктуу кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн шарттарды жана жоболорду аныктоо эсептелет,
2-берене. Максаттары
Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун максаттары Тараптардын мамлекеттеринин керектөөчүлөрүнүн укуктарын алардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3-берене. Кызматташуу жаатында
Тараптар төмөнкү жааттарда кызматташышат:
а) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана керектөөчүлөрдүн даттанууларын жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашуу;
б) керектөөчүлөрдүн укуктарын кемчилиги бар товарлардан жана тобокелдик алып келүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн коргоо;
в) таанышуучу сапарлар жана окуу курстары аркылуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында эксперттерди жиберишүү жана тажрыйба алмашуу;
г) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча биргелешкен окуу программаларын уюштуруу;
д) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында иштеген кыргыз жана түркия өкмөттүк эмес уюмдары (ӨЭУ) жүргүзгөн маалыматты жана тажрыйбаны алмашууну колдоо;
е) кайсы Тарап болбосун уюштурган семинарларга, конференцияларга жана практикумдарга, ошондой эле башка иш-чараларга катышуу;
ё) аралыктан колдоонун алкагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамдары, жол-жоболору менен байланышкан пикирлерди жана тажрыйбаларды алмашуу;
ж) Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо максатында адаштыруучу же жалган жарнамаларга карата маалыматтарды алмашуу;
з) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча иштөө үчүн Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын керектөөчүлөрүнүн коомдук бирикмелеринин, ассоциацияларынын жана мамлекеттик мекемелеринин ортосунда түздөн-түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
л) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү, ошондой эле натыйжалуу саясатты түзүү;
к) Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен мамлекеттик жашыруун сырга (мамлекеттик сырларга) же жайылтуу (жетүү) чектелген маалыматтарга кирбеген керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардагы, эрежелердеги жана айрым укуктук практикалардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар менен алмашуу.
4-берене. Купуялуулук
1) Тараптар ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруунун алкагында берилүүчү кандай маалымат болбосун купуялуулугун сактоого милдеттенишет.
2) ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун алкагында алынган маалыматтар ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун жоболорун ишке ашыруу үчүн гана пайдаланылууга тийиш.
5-берене. Түзөтүүлөр
Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу менен ар кандай өзгөртүүлөр жана түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр жана түзөтүүлөр ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө Протоколдор менен таризделет, алар ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун 8-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
6-берене. Талаштарды жөнгө салуу
1) Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду чечмелөөдө же колдонууда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун кайчы пикирлер негизинен Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилиши керек.
2) Талаш-тартыш келип чыккандан кийин алты (6) айдын ичинде ал жөнгө салынбаган учурда эки Тарап тең 8-беренеге ылайык ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду токтотууну талап кылууга укуктуу.
7-берене. Эл аралык милдеттерди сактоо
Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун жоболору керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо менен байланышкан маселелер боюнча Тараптардын башка өлкөлөр жана/же региондук уюмдар менен түзүлгөн мамилелерине, укуктарына жана милдеттенмелерине зыян тийгизбеши керек.
Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун алкагында кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык ишке ашырылат.
8-берене. Күчүнө кирүү жана колдонулушун токтотуу
1) Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Тараптар тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү келип түшкөн күндөн тартып ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум күчүнө кирет.
2) Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптардын кайсынысы болбосун аны токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө жиберүү менен ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун колдонулушун токтото алат. Бул учурда ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун колдонулушу Тараптардын бири жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин токтотулат. Ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башка шарттар боюнча сүйлөшүп алышпаса, анда ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум колдонулган мезгилде башталган, бирок аны колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин аягына чыкпаган биргелешкен долбоорлорду жана программаларды аткарууга таасирин тийгизбейт.
Айтылгандарды тастыктоо иретинде талаптагыдай ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон адамдар ушул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.
2018-жылдын "___" _________________ __________________ шаарында эки нускада кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |