Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-мартындагы № 71-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу № 308-б
1. 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.А.Орозбековго жогоруда аталган Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү кыргыз-россиялык мамилелерди андан ары бекемдөөгө колдоо көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) көңүлгө алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-беренесинде:
а) экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Келерки жылдарга карата товарларды ички керектөөнүн көлөмү жана номенклатурасы Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүн эсепке алган келерки календардык жылга 2713 20 000 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН субпозициясына берилген түшүндүрмөгө ылайык мунай битумдун физикалык-химиялык мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен чийки мунайзат (Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын коду (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) 2709 00), автомобилдик бензин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2710 12 411 0, 2710 12 412 0, 2710 12 413 0, 2710 12 419 0, 2710 12 450 0, 2710 12 490 0), дизелдик отун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710 19 421 0, 2710 19 422 0, 2710 19 423 0, 2710 19 424 0, 2710 19 425 0, 2710 19 426 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН, 2710 19 4290, 2710 19 460 0, 2710 19 480 0 кодунан), реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2710 19 210 0) боюнча алардын индикативдүү баланстарын жана мунай битум боюнча (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2713 20 000 0) протоколду (мындан ары - индикативдүү баланстар жана протокол) бекитүү аркылуу ушул календардык жылдын 1-октябрына чейин Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан макулдашылат.
Ар бир учурдагы календардык жылга индикативдүү баланстарды жана протоколду тактоо ушул календардык жылдын 15-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды ички керектөөлөрдүн негизделген өзгөрүүсүн эсепке алуу менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Тарап ушул календардык жылдын 5-сентябрына чейин Россия Тарапка индикативдүү баланстарды жана протоколду түзүү боюнча сунуштарды киргизет, ал эми ушул календардык жылдын 15-ноябрына чейин Россия Федерациясына индикативдүү баланстардын жана протоколдун 9 айда аткарылышы жөнүндө жана ушул календардык жылга болжолдуу аткарылышы тууралуу маалыматты белгиленген тартипте берет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Тараптардын компетенттүү органдары 2018-жылы Кыргыз Республикасында мунай битумду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2713 20 000 0) ички керектөөнүн көлөмдөрүн жана номенклатурасын макулдашат жана ал боюнча 2018-жылга карата протоколду бекитет, мында ал бекитилген күндөн тартып пайда болгон укуктук мамилелерге колдонулуучу ЕАЭБ ТЭИ ТН 2713 20 000 0 субпозициясы боюнча берилген түшүндүрмөгө ылайык мунай битумдун физикалык-химиялык мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт.".
2. 5-беренесинде:
а) 1-пункту "индикативдүү баланстарда" деген сөздөрдөн кийин "жана протоколдо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункту "индикативдүү баланстарда" деген сөздөрдөн кийин "жана протоколдо", "алып келинген товарларга карата" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле индикативдүү баланстарда жана протоколдо каралбаган товарларга карата" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып ал күчүнө кирет.
Тараптар Макулдашуунун жоболорун ушул Протокол менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен ушул Протоколго кол коюлган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин убактылуу колдонуп баштайт.
________________ шаарында 2018-жылдын "__" ____________ эки нускада ар бири кыргыз жана орус тилинде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |