Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 14-сентябры № 321-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясынын Элдик Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталуучу,
тарыхый бекем экономикалык, маданий байланыштарга жана салттарына таянып,
мындан ары достук мамилени бекемдөөнүн маанилүүлүгүн, эки тараптын өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү ниетин көңүлгө алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз компетенциясынын чегинде кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн төмөнкү багыттар боюнча жагымдуу шарттарды түзүшөт:
- Тараптардын мыйзамдарына ылайык соода, өнөр жай жана инвестициялар жаатындагы маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды алмашуу;
- продукциянын коопсуздугуна карата милдеттүү болгон техникалык ченемдерге жана талаптарга, гигиеналык жана фитосанитардык чараларга тиешелүү маалымат менен алмашуу;
- ушул Меморандумдун максаттарына жетүү үчүн болгон каражаттарды (көргөзмө-жарманке, семинарлар, жарнама, жумушчу топтордун презентациялары) пайдалануу, ошондой эле бизнес-форумдарды уюштуруу жана өткөрүү;
- эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана Тараптардын башка чөйрөлөрдөгү аракеттенүүлөрүн жөнгө салуу.
2-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана ишке ашырууда Тараптардын ортосунда келип чыккан бардык түшүнбөстүктөр консультация жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
3-берене.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча бул Меморандумга өзүнчө протоколдор менен таризделген, ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алат.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтүн токтотуу жөнүндө бир Тараптын экинчи тарапка жөнөтүлгөн жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.
2018-жылдын "__" сентябрында _____________ шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана кытай тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу талаштар келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясынын Элдик Өкмөтү үчүн |