Редакцияот 18.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 18-октябры № 362-б

Бишкек шаарында 2018-жылдын 18-19-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суу ресурстарын башкарууда климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын тобокелин азайтууга карата туруктуулук" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Расмий делегациянын башчысына сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколдоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суу ресурстарын башкарууда климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын тобокелин азайтууга карата туруктуулук" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, расмий делегациянын башчысы;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары;

Сарымсаков Манас Болотович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Алыбаев Автандил Шейшенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Мамбетов Азамат Муратович

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;

Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору.