Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-октябры № 368-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигинин ортосундагы Баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигинин ортосундагы Баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттиги,
баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды (мындан ары - баңгизаттар) мыйзамсыз жүгүртүү жана аларды кыянаттык менен пайдалануу масштабдарынын кеңейишине тынчсызданып,
Баңгизаттардын жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү Тараптардын мамлекеттеринде жашаган элдердин ден соолугуна жана бакубаттыгына коркунуч туудургандыгын түшүнүшүп,
1961-жылдын Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциясынын жоболорун, ага оңдоолорду киргизүү тууралуу 1972-жылдагы Протоколго ылайык киргизилген түзөтүүлөр менен, 1971-жылдагы Психикалык таасир этүүчү заттар жөнүндө конвенцияны, Бириккен Улуттар Уюмунун 1988-жылдагы Баңги каражаттар жана психикага таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясын эске алып,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1998-жылдын 6-майындагы Баңги каражаттарын жана алардын прекурсорлорун контролдоо маселеси боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жоболорун жетекчиликке алып,
баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган натыйжалуу чараларды көрүүдөгү өз ара кызыгуудан улам,
өз мамлекеттеринин мыйзамдык жана эл аралык милдеттерин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
1. Аталган Макулдашуунун предмети болуп баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы натыйжалуу аракеттенүүсүн уюштуруу максатында Тараптардын кызматташуусу саналат.
2. Тараптар кызматташтыкты ушул Макулдашуунун негизинде, өздөрүнүн компетенциясынын алкагында жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттерин аткаруу менен ишке ашырат.
3. Ушул Макулдашуу кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жана берүү маселелерин козгобойт.
2-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат:
а) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселеси боюнча маалымат алмашуу;
б) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү иш-чараларын, анын ичинде контролдогу жеткирүүлөрдү жана текшерип сатып алууларды өткөрүүдө өз ара аракеттенүү;
в) баңгизаттарды мыйзамсыз колдонууну жана жүгүртүүнү болтурбоо жана аны уюштуруу маселеси боюнча өз ара аракеттенүү;
г) кеңешмелерди, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү жолу менен тажрыйба алмашуу;
д) ченемдик укуктук актылар, аларды аткаруу практикасы тууралуу материалдар, баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселеси боюнча статистикалык маалыматтар жана методикалык сунуштар менен алмашуу;
е) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселеси боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
ж) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча экспертизаларды жана изилдөөлөрдү өткөрүүгө көмөктөшүү;
з) эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн баңгизаттарды жана анын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү проблемалары боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өткөрүү;
и) керек учурда мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизаттарды изилдөөнүн жыйынтыктары менен алмашуу;
к) кызматташтык процессинде келип чыккан маселелер, анын ичинде жумушчу топ түзүү жана Тараптардын өкүлдөрү менен алмашуу маселеси боюнча ишти координациялоо.
2. Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына каршы келбеген кызматташтыктын өз ара алгылыктуу формаларын иштеп чыгууга жана аны өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында маалымат алмашуу төмөнкүлөргө карата жүргүзүлөт:
а) башка Тараптын мамлекетинин аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу жасалган же жасалууга аракет кылынган кылмыштарга;
б) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экендигине шектүү жактарга;
в) бир Тараптын мамлекетинин аймагынан башка Тараптын мамлекетинин аймагына баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга же ташууга аракет кылууга байланыштуу конкреттүү фактыларга жана окуяларга;
г) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар, иши улуттар аралык мүнөздө болгон криминалдык топтордун түзүмдөрүнө, персоналдык курамына, иш чөйрөсүнө, башкарууну уюштуруусуна жана байланыштарына;
д) Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында иштеген, Баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар өз алдынча жактар менен кылмыштуу топтордун ортосундагы орун алган же болжолдонгон байланыштарына;
е) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар кылмыштык ишти жүргүзүүнүн түрүнө жана методдоруна;
ж) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүдөн алган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) багытталган ишке;
з) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө келип түшүү булактарын аныктоонун формаларына жана методдоруна, ошондой эле ушул мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу чараларына;
и) өстүрүүдө, өндүрүүдө, транспорттоодо, сатууда, ошондой эле аларды айкындоо методдорунда баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун катуунун жана маскировкалоонун колдонулуучу ыкмаларына;
к) мыйзамсыз жүгүртүүдө пайда болгон баңгизаттардын жаңы түрлөрүнө, аларды даярдоо жана пайдалануу технологияларына;
л) баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүнүн өз ара кызыгууну туудурган башка маселелерине.
4-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында көмөк көрсөтүү бир Тараптын суроо-талабынын негизинде же ушундай көмөктөшүү башка Тарапты кызыктыра тургандыгын болжолдогон Тараптын биринин демилгеси боюнча ишке ашырылат.
Көмөк көрсөтүү тууралуу суроо-талап жазуу жүзүндө же тийиштүү техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу берилет.
Кийинкиге калтыруу мүмкүн болбогон учурда, оозеки суроо-талап кабыл алынышы мүмкүн, бирок ал үч сутканын ичинде жазуу жүзүндө же тийиштүү техникалык каражаттардын жардамы менен ырасталышы зарыл.
Маалымат берүүнүн техникалык каражаттарын колдонууда, ошондой эле алынган суроо-талаптын түп нуска экендиги жана анын мазмунуна карата шектенүү болсо, сурап жаткан Тарап суралып жаткан Тараптан ырастап беришин жазуу жүзүндө сураса болот.
2. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талап төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сурап жаткан Тараптын аталышын;
- суралып жаткан Тараптын аталышын;
- суроо-талаптын мазмунун кыскача баяндоону жана анын негиздемесин;
- аны аткаруу үчүн керек болгон башка маалыматтарды.
3. Керек учурда суралып жаткан Тарап суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн кошумча маалыматты сурап алса болот.
5-берене.
1. Суралып жаткан Тарап суроо-талаптын тез жана болушунча толук аткарылышын камсыздоо үчүн керек болгон бардык чараларды көрөт. Суроо-талап келип түшкөн күнүнөн 30 суткадан ашпаган мөөнөттө аткарылат.
2. Суралып жаткан Тарап сурап жаткан Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өз мамлекетинин аймагында суроо-талап аткарылып жатканда, эгер ошол мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбесе, катышууга уруксат берет.
6-берене.
1. Эгерде суралып жаткан Тарап суроо-талаптын аткарылышы анын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн, же анын мамлекетинин мыйзамдарына каршы келет деп эсептесе, суроо-талапты аткаруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн.
2. Суроо-талапты аткаруу мүмкүн болбосо, же аткаруудан баш тарткан болсо, суралып жаткан Тарап сурап жаткан Тарапты бул тууралуу ошол замат жазуу жүзүндө маалымдайт жана аткарууга тоскоол болгон себептерди билдирет, сурап жаткан Тарапка суроо-талабын тиркелген материалдары менен кайтарып берет.
3. Эгер суралып жаткан Тарап суроо-талапты тез арада аткаруу анын мамлекетинин аймагында ишке ашырылуучу кылмыштык куугунтуктоо же башка өндүрүшкө тоскоолдук кыла турган болсо, анда ал суроо-талапты аткарууну жылдырып, же анын аткарылышын сурап жаткан Тараптан консультация алгандан кийин зарыл катары аныкталган шарттарды сактоо менен аткарылышын байланыштырат. Сурап жаткан Тарап сунушталган шартта көмөктөшүүгө макул болгондон кийин, ал ошол шарттарды сакташы керек.
7-берене.
1. Тараптар баңгизаттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Тараптардын ортосунда алмашуу предмети болуп саналган маалыматтардын, документтердин жана материалдардын мазмунунун жашырындыгын камсыз кылышат.
2. Сурап жаткан Тарап алынган маалыматты суроо-талапта көрсөтүлгөн максатта гана колдонот.
3. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат башка бирөөгө ушул маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу жок бере албайт.
8-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууда жумушчу тил катары орус тилин колдонушат.
9-берене.
1. Тараптар өз мамлекеттеринин аймактарында ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу чыгымдарды тартышат.
2. Эгерде ортосунда жазуу жүзүндөгү келишимге келгени болбосо, Тараптар кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында өз өкүлдөрүнүн жол киресине жана жашоосуна байланыштуу бардык чыгымдарды өзүнө алат.
3. Сурап жаткан Тараптардын өкүлдөрүнүн сапарлары сурап жаткан Тараптын алдын ала макулдугу боюнча ишке ашырылат.
10-берене.
Ушул Макулдашууда каралган кызматташтыкты ишке ашыруунун жүрүшүн кароо үчүн жана аны андан ары өркүндөтүүнүн багыттарын иштеп чыгууга Тараптар эки жакка бирдей негизде биргелешкен жумушчу жолугушууларды, кеңешмелерди, семинарларды өткөрөт.
Жолугушуулар Тараптардын мамлекеттеринде кезеги менен өткөрүлөт.
11-берене.
Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 1-пунктунун "е", "ж", "з" пунктчаларында каралган кызматташтыкты ишке ашыруунун конкреттүү формалары, анын ичинде анын каржылоосу Тараптардын ортосундагы өзүнчө келишимге келүү менен аныкталат.
12-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын чечими боюнча бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 15-беренесинде каралган тартипте күчүнө кире турган өзүнчө Протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсе болот.
13-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же аны колдонууга байланыштуу келип чыккан бардык талаш маселелерди консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
15-берене.
Бул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптын бири башка Тараптан ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө кабарламасын алган күндөн тартып үч ай өткөнчө күчүндө болот.
________________ шаарында _____-жылдын "__" _____________ эки нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде даярдалган, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Эгерде ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, негиз катары орус тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттиги үчүн |