Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-октябры № 370-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (2005-ж.) киргизүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (2005-ж.) киргизүү боюнча кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламатсакмин) менен Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы (мындан ары - Роспотребнадзордун),
коркунучтуу инфекциялык оорулардын чыгышына өз учурунда жана натыйжалуу чара керүү жана өсүп жаткан интеграциялык процесстердин шарттарында алардын транс чек аралык жайылышын алдын алуу үчүн Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (2005-ж.) киргизүүнүн жана региондук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн таанып,
Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге (2005-ж.) ылайык эл аралык мааниге ээ коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдар учурун аныктоо, баа берүү жана өз убагында чара көрүү үчүн улуттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, чыңдоо жана колдоо көрсөтүү зарылдыгын ырастоо менен,
Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (2005-ж.) ишке ашырууда өлкөлөрдү бири-бирине колдоо көрсөтүүнү улантууга чакырган 61.2-резолюциясына таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө инфекциялык ооруларга мониторинг жүргүзүү системасын чыңдоого жана санитардык-эпидемиологиялык маанидеги өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө багытталган Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (2005-ж.) киргизүү максатында иш-чараларды ишке ашыруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге (2005-ж.) ылайык кызматташтыктын төмөнкү багыттары боюнча өз ара аракеттенишет:
- Кыргыз Республикасында инфекциялык оорулардын чыгышын жана санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды аныктоо, алдын алуу жана ыкчам чара көрүү системасын чыңдоого багытталган биргелешкен иш-аракеттерди координациялоо;
- Саламатсакмин менен Роспотребнадзордун, ошондой эле алар ыйгарым укук беришкен мекемелердин ортосунда Тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы санитардык-эпидемиологиялык жана эпизоотиялык кырдаал жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын ыйгарым укуктуу мекемелеринин адистеринин катышуусу менен санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана чара көрүү боюнча эпидемияга каршы түзүмдөрдүн окууларын өткөрүү;
- инфекциялык оорулардын чыгышын жана санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды аныктоо, алдын алуу жана ыкчам чара көрүү маселелери боюнча, ошондой эле биологиялык коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын адистерин даярдоо;
- инфекциялык оорулардын чыгуусун жана санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды аныктоо, алдын алуу жана ыкчам чара көрүү системасын жакшыртууга багытталган биргелешкен илимий изилдөөлөр.
3-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Роспотребнадзор - Саламатсакмин ыйгарым укук берген жана инфекциялык оорулардын чыгуусун жана санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну, аныктоону жана ыкчам чара көрүүнү камсыздоочу мекемелерге материалдык-техникалык жардам көрсөтүшү мүмкүн.
4-берене.
Кайтарымсыз материалдык-техникалык жардам көрсөтүүнүн көлөмү жана тартиби, берилүүчү жардамдын пайдаланылышын контролдоо механизми Саламатсакмин менен Роспотребнадзордун же Роспотребнадзор ыйгарым укук берген ведомстволук мекеменин ортосунда түзүлүүчү өзүнчө келишим менен аныкталат.
5-берене.
Саламатсакмин же ал ыйгарым укук берген мекеме үзгүлтүксүз негизде, бирок жылына бир жолудан кем эмес, Роспотребнадзордун дарегине берилген материалдык-техникалык жардамдын пайдаланылышы жөнүндө отчет берет.
6-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
7-берене.
Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш маселелерди Тараптар консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечишет.
8-берене.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат.
9-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл колдонулат. Эгерде Тараптар башка тууралуу макулдашпаса, ушул Макулдашуунун колдонулушу автоматтык түрдө бир жылдык мөөнөткө узартылат.
Ар бир Тарап ушул Макулдашуудан экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу чыгуу датасына чейин алты айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндөгү кабарлоону жиберүү менен чыга алат.
______________ шаарында "____" __________________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлгөн, мында эки тексти тең бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
| Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы үчүн |
__________________________________________ |
| __________________________________________ |