Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 24-октябры № 375-б
Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-25-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда "Кыргыз Республикасында айылдарды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу - II фаза" долбоорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколдоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациянын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы; |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шарапов Закир Эшматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Алыбаев Автандил Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору; |
Абдрахманов Алишер Орозбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Осмонбеков Канымет Бийзакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Айтиев Бекполот Баратович | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |