Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-ноябры № 398-б
2007-жылдын 15-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М. Д.Абылгазиев |
Долбоор
2007-жылдын 15-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги,
2007-жылдын 15-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 15-беренесине ылайык,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 11-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ушул Макулдашуунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн жана өз ара иш-аракеттерди координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Тараптар өздөрүнүн өкүлдөрү менен алмашуу маселесин иштеп чыгышат.".
2-берене.
Ушул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
201___-жылдын "___" _____________ шаарында эки нускада түзүлдү, ар бири кыргыз жана орус тилинде, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн |
| Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги үчүн |