Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-декабры № 460-б
Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларындагы саркынды сууларды тазалоо системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |