Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 4-марты, № 41-б
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 98-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча «Темир» мамлекеттик ишканасынын жоюу балансы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча «Темир» мамлекеттик ишканасынын иши токтотулушун юстиция органдарында каттатсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн
Тиркеме
Тустүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча «Темир» мамлекеттик ишканасынын жоюу балансы
(таблицада суммалар сом менен көрсөтүлгөн)
Активдер | 0 |
Акча каражаттары жана алардын эквиваленттери | 0 |
Банктардагы депозиттер | 0 |
ФКМ тарабынан берилген кредиттер жана каражаттар | 0 |
Кардарларга берилген кредиттер жана каражаттар | 0 |
Негизги каражаттар | 0 |
Башка активдер | 0 |
Жалпы активдер | 0 |
Милдеттенмелер | 0 |
Башка милдеттенмелер | 0 |
Жалпы милдеттенмелер | 0 |
Капитал | 0 |
Жалпы милдеттенмелер жана капитал | 0 |