Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-марты № 131
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 18-июнундагы № 421 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ведомстволор аралык жумушчу топ "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу аяктаганга чейин Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузууларды жазып калуу максатында аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу үчүн техникалык-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлорун иштеп чыксын жана андан ары пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине киргизсин.";
- аталган буйрук менен бекитилген "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында техникалык-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Тиркеме |
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында техникалык-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Шаршембиев Бакыт Нурджанович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Шаикова Алина Кавылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Шатемиров Кубаныч Таалайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Акматалиев Мирбек Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Алымкулов Азизбек Эсенбекович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Саркулов Ыманалы Кадырбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Сатыбалдиев Нур Рысканович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Исраилов Азамат Бакирович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын жол-патрулдук кызмат жана административдик практика башкармалыгынын начальниги; |
Баратова Гульмира Турткуловна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун начальниги; |
Азаров Алмаз Кылычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери; |
Алымкулов Тилек Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери; |
Жетимишов Айбек Суранчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош региондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Абдуллаев Талант Тынычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Джусупов Кубанычбек Калыгулович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын транспорт бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Джангазиев Азамат Айбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери.". |