Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 18-декабры № 439-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 571-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоорунун алкагында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
"Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоорунун алкагында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү: | ||
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Алимбеков Давлетбек Каарыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Абдыжапаров Аскарбек Самыйбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жунушев Жолдошбек Маликович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Алмакунов Азамат Жумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору; |
Жусуматов Эсен Жусуматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары; |
Нуржанов Эрмек Керимбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы; |
Кыдырмышев Тимур Жыргалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин экинчи катчысы; |
Садыков Нурлан Маткасымович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Айткулов Медетбек Ашыркулович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Эшимбеков Аскар Эркинович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Орозоев Улан Эсенбаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |