Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-ноябры № 422-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм боюнча электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү сервисин камсыздоо үчүн пилоттук долбоорду андан ары ишке ашырууга шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун алтынчы абзацындагы "2018-жылдын 30-ноябрына" деген сөздөр "2019-жылдын 31-мартына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "2018-жылдын 30-ноябрына" деген сөздөр "2019-жылдын 31-мартына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |