Редакцияот 31.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 31-июлу № 271-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда бала төрөлгөндө берилүүчү "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм боюнча электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү сервисин камсыздоо үчүн пилоттук долбоорду андан ары ишке ашырууга шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун алтынчы абзацындагы "31-июлуна" деген сөздөр "30-ноябрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "31-июлуна" деген сөздөр "30-ноябрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев