Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-декабры № 452-б
Кыргыз Республикасы мүчө болуп эсептелген эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк акыларды төлөөгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 274-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогорудагы буйруктун 1-пункту менен бекитилген 2018-жылга мүчөлүк, үлүштүк акылар төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
"Тиркеме
2018-жылга мүчөлүк, үлүштүк акылар төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕСИ
| Уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин аталышы | 2018-жылга республикалык бюджетте каралган (сом) |
1 | Евразия экономикалык бирлиги | 160193225,14 |
2 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджети | 6521032,28 |
3 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдындагы Интернационалист жоокерлердин иштери боюнча комитет | 61170,00 |
4 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет | 1565330,00 |
5 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары | 8413134,02 |
6 | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 41659094,77 |
7 | Парламенттер аралык союз | 741734,24 |
8 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясы | 16518574,15 |
9 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун парламенттик ассамблеясы | 136817,05 |
10 | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы | 5084271,12 |
11 | Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик союзу | 750431,00 |
12 | Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу бюджети | 2506000,00 |
13 | Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу операциялары, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык трибуналдары | 1290059,85 |
14 | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 2638686,28 |
15 | Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк туристтик уюму | 4279531,42 |
16 | Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму | 8143676,56 |
17 | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму | 4026074,68 |
18 | Дүйнөлүк метеорологиялык уюм | 2885123,30 |
19 | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 7513861,36 |
20 | Эл аралык эмгек уюму | 4791665,82 |
21 | Эл аралык жарандык авиация уюму | 3308023,12 |
22 | Ядролук сыноолорго бардык жагынан тыюу салуу жөнүндө келишим боюнча уюм | 179639,37 |
23 | Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы | 23963425,06 |
24 | Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмү | 15380822,72 |
25 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | 1783755,54 |
26 | Ислам кызматташтык уюму | 33690435,22 |
27 | Кылмышты иликтөө полициясынын эл аралык уюму | 1426125,91 |
28 | Миграция боюнча эл аралык уюму | 69144,04 |
29 | Дүйнөлүк соода уюму | 2714180,33 |
30 | Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы | 273868,91 |
31 | Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясы | 122061,37 |
32 | Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы | 37746010,12 |
33 | Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы | 73744652,53 |
34 | Ислам өнүктүрүү банкы | 10488609,99 |
35 | Азия өнүктүрүү банкы | 59506351,03 |
36 | Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңеши | 14919285,00 |
37 | Экономикалык кызматташтык уюму | 2052456,70 |
38 | Түрк маданиятынын эл аралык уюму | 5973660,00 |
| Бардыгы | 567062000,00 |