Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 27-марты № 75-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Свердловск облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык чөйрөдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Свердловск облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык чөйрөдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жүргүзүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Свердловск облусунун Өкмөтү (Россия Федерациясы),
2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, биримдик жана өнөктөштүк жөнүндө декларациянын максаттарын жана принциптерин жетекчиликке алуу менен,
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболорун негиз кылып,
эки тараптуу эл аралык жана тышкы экономикалык кызматташууга ниеттенип,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Свердловск облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы кызматташууну тереңдетүү жана кеңейтүүдөгү өз ара кызыкчылыкты эске алып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы катышуучулары болгон эл аралык келишимдерге ылайык соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана гуманитардык чөйрөдө (мындан ары - кызматташуу чөйрөлөрү) эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жүргүзүүдө Тараптардын кызматташуусун кеңейтүү жана чыңдоо ушул Макулдашуунун максаты болуп саналат.
Тараптар ушул Макулдашууну ак ниеттүү жана натыйжалуу аткаруу максатында анын алкагындагы өз ишин талаптагыдай координациялоого күч аракеттерди жумшайт.
2-берене.
Тараптар өз компетенциясынын чегинде, кызматташтык чөйрөсүндөгү эл аралык жана тышкы экономикалык байланышты өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин эске алып, төмөнкүдөй багыттар боюнча өз ара аракеттенишет:
- өнөр жай жана соода;
- айыл чарбасы;
- инвестициялык иштер;
- илим жана техника, билим берүү;
- маданият жана искусство;
- туризм, спорт жана жаштар саясаты.
3-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган программаларды жана (же) иш-чаралар планын иштеп чыгышат жана кабыл алышат, ошондой эле ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган программалардын жана (же) пландардын аткарылышын контролдоо жана көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Свердловск облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясынын) ишин координациялоо үчүн биргелешкен комиссияларды жана (же) жумушчу топторду түзө алышат.
Ушул Макулдашууга ылайык конкреттүү долбоорлор, программалар, пландар жана башка макулдашуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Свердловск облусунун Өкмөтү (Россия Федерациясы), Кыргыз Республикасынын жана Свердловск облусунун (Россия Федерациясы) аймагында катталган чарба субъекттери тарабынан ишке ашырылат.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан сырткары, ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында чарба субъекттеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерден жана контракттардан келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
4-берене.
Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында биргелешкен ишканаларды иштетүү, эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруу, финансылык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүшөт.
5-берене.
Тараптар чарба субъекттеринин Тараптар өткөрүүчү жарманкелерге, көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышуусуна көмөктөшөт, кызматташтык чөйрөсүндөгү түрдүү багыттар боюнча маалымат алмашышат.
6-берене.
Тараптар кызматташуу чөйрөсүндөгү түрдүү тармактарда жана башка иштерде делегациялар жана адистер менен алмашууга көмөктөшөт жана кызматташуу чөйрөсүндө чарба субъекттеринин ортосундагы эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруунун келечегин карап чыгат.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун негизинде Тараптар алган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жана мында маалымат алынган Тараптан жазуу жүзүндө уруксат болгондо гана үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн.
Ошону менен, ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка купуя маалыматтар менен алмашууну ишке ашырышпайт.
8-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга таасирин тийгизүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жана Россия Федерациясынын мыйзамдарындагы бардык өзгөрүүлөр тууралуу бири-бирин кабарлап турушат.
9-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптын үчүнчү тарап менен түзгөн укуктарына жана милдеттерине тиешелүү эмес.
10-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш маселелер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
11-берене.
Тараптардын макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал өзүнчө протоколдор менен таризделет.
12-берене.
Ушул Макулдашуу кыргыз тарабы анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө россия тарабынан жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл ичинде жарактуу болот.
Ушул Макулдашуу, эгерде Тараптардын бири тиешелүү мөөнөт бүткөнгө чейин 3 (үч) айдан кечиктирбей анын колдонулушун токтотуу ниетин жазуу жүзүндө башка Тарапка билдирбесе, автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.
Ушул Макулдашуунун токтотулушу ал күчүндө турган мезгилде ишке ашырылуучу контракттардын, келишимдердин, протоколдордун жана программалардын аткарылышы боюнча милдеттерге тиешелүү эмес.
___________________ шаарында 2019-жылдын "__" ______________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилинде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Свердловск облусунун Өкмөтү (Россия Федерациясы) үчүн |