Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-марты, № 72-б
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө
меморандум
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиги,
диний таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоонун бардык формаларын профилактикалоо, радикалдык жана экстремисттик идеялардын пайда болуусун алдын алуу маселелери боюнча кызматташууну чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө умтулуп,
мындай өз ара аракеттенүү жана өнөктөштүк Тараптардын достук мамилелерин колдоого өбөлгө түзөөрүн таануу менен,
төмөнкүлөр боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1. Тараптар таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоонун бардык формалары жана радикалдык, экстремисттик идеялардын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык маселелерде өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык кызматташат.
2. Тараптар төмөнкү багыттар боюнча өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде кызматташат:
- диний таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоонун бардык формаларын профилактикалоо, диний араздашуу, жек көрүү же касташуу аракеттерин алдын алуу маселелери боюнча маалымат жана иш тажрыйба менен алмашуу;
- оз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча бири-бирине визит менен баруу, Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү иш-чараларга, конференцияларга, жолугушууларга Тараптардын өкүлдөрүнүн биргелешкен катышуусу аркылуу Тараптардын өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү;
эмгек иши менен алектенүү, билим алуу же туризм максатында Тараптардын мамлекеттеринин аймагына барууну пландаган адамдардын арасында ошол мамлекеттин этноконфессиялык өзгөчөлүктөрү, колдонуудагы мыйзамдары жөнүндө түшүндүрүү иштерин уюштуруу;
- Тараптардын мамлекеттеринин өкүлдөрү үчүн өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоо үчүн арналган илимий-эксперттик дискуссиялык аянтчаларды түзүү боюнча өз ара аракеттенүү;
- диний таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоонун бардык формаларын профилактикалоо, диний араздашуу, жек көрүү же касташуу аракеттерин алдын алуу маселелери боюнча иш алып барган Тараптардын мамлекеттеринин коммерциялык эмес уюмдарынын ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын аныкталган чөйрөдө даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу меселелери боюнча тажрыйба алмашуу.
3. Эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, анда Тараптар ушул Меморандумду ишке ашырууда пайда болуучу чыгымдарды өз алдынча каржылашат.
4. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
5. Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып колдонуп баштайт.
6. Ушул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлдү. Ушул Меморандумдун колдонулушу Тараптардын биринин демилгеси боюнча токтотулат, мында аны колдонууну токтотуу шартталган күндөн үч ай мурун Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарланышы керек.
Бишкек шаарында __________________________________________________________________________________ кыргыз жана
орус тилдеринде эки нускада кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери Россия Федерациясынын Улуттар иштери
боюнча мамлекеттик комиссиясы үчүн боюнча федералдык агенттиги үчүн