Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-марты № 34-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгынын алкагында, кесиптик лицейлердин материалдык базасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттиги:
- юридикалык жактардын статусу менен, өзүн-өзү каржылоо принциптерине негизделген кесиптик лицейлердин алдындагы окуу-өндүрүштүк комплекстерди (мындан ары - өндүрүштүк комплекстер) тиркемеге ылайык түзсүн;
- өндүрүштүк комплекстердин уставдарын бекитсин.
- өндүрүштүк комплекстерди юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун тиркемесинде аталган кесиптик лицейлердин тиешелүү жайларын өндүрүштүк комплекстердин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин кесиптик лицейлеринин карамагындагы окуу-өндүрүштүк комплекстердин ТИЗМЕСИ
№ | Лицейдин аталышы | Жайгашкан жери |
1 | № 1 кесиптик лицей | Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 148 |
2 | № 8 кесиптик лицей | Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы, Ноокат көчөсү, 1 |
3 | № 18 кесиптик лицей | Бишкек шаары, Горький көчөсү, 2а |
4 | № 43 кесиптик лицей | Чүй облусу, Сокулук району, Жаңы-Жер айылы |