Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 3-апрели № 174
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы 2019-жылдын 3-7-апрелинде Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ
Разаков Жеңиш Парпиевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Искандаров Курбанбай Алибаевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Сыргабаев Батыркан Эсенканович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; |
Молдоисаев Жаныбек Турдубекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ураимов Илгиз Кубанычбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы; |
Маматов Абдумуктар Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; |
Мамат уулу Чыңгыз | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Махмутов Руслан Аманкулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Сарыбаев Эрмек Адылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кеңешчиси; |
Толеев Ардак Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Калыков Сейтмурат Турдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы; |
Бөрүбаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Лейлек райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |
Эскертүү: (*) - Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына 2019-жылдын 5-7-апрелинде командировкага жиберилет.