Редакцияот 17.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 17-сентябры № 322-б

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "CASA-1000" долбоорунун даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

"Тиркеме

"CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

Оморов Азамат Каныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;

Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Тюменбаев Акылбек Рабаевич

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Алмакунов Азамат Жумабекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору;

Жээнбеков Марат Арынбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин электр энергетика башкармалыгынын начальниги;

Мамасыдыков Нурбек Бекболотович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялардын программалары бөлүмүнүн башчысы;

Орозоев Улан Эсенбаевич

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Раимкулов Рустанбек Имашевич

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун начальниги (макулдашуу боюнча);

Усеков Нурдин Насрединович

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Жумалиев Кайрат Насерович

-

"CASA-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Иманкулова Жанна Сатовна

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).".