Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 14-сентябры, № 320-б
Кыргыз Республикасында жол катнашын өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жолдун долбоору боюнча, 2-фаза (Балыкчы шаарынан Бишкек-Нарын-Торугарт автожолуна чейин (км 0-43) жана Кочкор айылынан Эпкин айылына чейин (км 64-89), жалпы узундугу 68 км участоктор) Азия өнүктүрүу банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д,Абылгазиев |
Тиркеме
БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жолдун долбоору боюнча, 2-фаза (Балыкчы шаарынан Бишкек-Нарын-Торугарт автожолуна чейин (км 0-43) жана Кочкор айылынан Эпкин айылына чейин (64-89 км), жалпы узундугу 68 км участоктор) Азия өнүктүрүү банкы менен суйлөшуүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы
Жусубалиев Азимкан Ильясович
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, расмий делегациянын башчысы;
|
Жунус уулу Алтынбек
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Жапаров Акылбек Усенбекович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Сабиров Максат Эсенович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
|
Алыбаев Автандил Шейшенбекович | - Кыргыз Республикасынын Экономика - министринин орун басары;
|
Кокочаров Урматбек Курманбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Джунушев Джолдошбек Маликович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору;
|
Рыспаев Тимур Бейшенбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Сыдыков Бакыт Толомушевич | -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги.
|