Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу № 301-б
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
|
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасы,
Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун (ИНТОСАИ), финансылык контролдоонун жогорку органдарынын Азиялык уюмунун (АЗОСАИ), ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилер кеңешинин максаттарын жана принциптерин жетекчиликке алып,
мамлекеттик финансылык аудиттин (контролдун) натыйжалуулугун жогорулатууга бирге умтулууну билдирүү менен,
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене.
1. Тараптар, өз ыйгарым компетенциясынын чегинде жана өз мамлекетинин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен ушул Макулдашууну жетекчиликке алып, төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
1) тышкы мамлекеттик финансылык аудитти (контролду) жүргүзүү тартиби жана методологиялары жаатында тажрыйба алмашуу;
2) кесиптик окутуу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү;
3) Тараптардын иши жөнүндө маалыматтык материалдар менен алмашуу;
4) консультацияларды, биргелешкен изилдөөлөрдү жана биргелешкен (параллелдүү) аудитордук (контролдук) иш-чараларды, семинарларды, конференцияларды, жумушчу жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү.
2. Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өз ара кызыкчылыктарды жараткан башка багыттар боюнча да кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
2-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында маалыматтарды жана материалдарды алмашууда, Тараптардын ар бири эл аралык маалымат алмашууга катышууну, мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка маалыматтарды сактоону жөнгө салуучу өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарын жетекчиликке алат.
2. Биргелешкен изилдөөлөрдү жана биргелешкен (параллелдүү) аудитордук иш чараларды жүргүзүүдө Тараптардын ар бири өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарын жетекчиликке алат.
3-берене.
1. Тараптардын ар бири өз ара макулдашуу боюнча өз кызматкерлеринин кесиптик билимин жана көндүмүн өркүндөтүү максатында, чакырган Тараптын мамлекетинин аймагында уюштурулган конференцияларга, семинарларга, стажировкаларга жана башка эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн экинчи Тараптын делегацияларын же айрым кызматкерлерин чакырат.
2. Ушул Макулдашуу менен каралган иштерге катышууда жөнөтүүчү тарап өзүнүн өкүлдөрүнүн барган-келген жолу, жашаган жери жана тамактануусу боюнча чыгымдарды көтөрөт, ал эми кабыл алган Тарап биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле өзүнүн мамлекетинин аймагында чакырылган Тараптын өкүлдөрүн жүрүүсү боюнча чыгымдарды Тараптардын алдын-ала макулдашуусунда башка шарттар каралбаган учурда жеке каражаттарынын эсебинен көтөрөт.
4-берене.
Тараптардын иши жөнүндө маалыматтар, материалдар жана ченемдик укуктук актылар менен Тараптар орус тилинде же Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча башка тилде алмашат.
5-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды жеке каражаттарынын же өз мамлекеттеринин мыйзамдары менен каралган каражаттарынын чегинде өз алдынча көтөрүшөт.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын өз ара. макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана өзүнчө протокол менен таризделиши керек.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
8-берене.
Ушул Макулдашуу, Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
9-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун колдонулушун, экинчи Тарапка 6 ай мурун алдын-ала жазуу жүзүндө билдирүү менен токтотууга укуктуу.
2018-жылдын "__" ___________ _______________ шаарында бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки түп нускада ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү. Тексттерди чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы |
| Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы |
У.Марипов |
| В.Гюльмамедов |