Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-марты № 196
Европа реконструкциялоо жана өнуктүрүү банкы менен өз ара пайдалуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү, "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропорттук комплексин өнүктүрүү стратегиясы боюнча маселелерди изилдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аэропорттук комплексин өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын аэропорттук комплексин өнүктүрүү стратегиясы боюнча маселелерди изилдөөчү жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир айлык мөенөттө "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропорттук комплексин өнүктүрүү стратегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аэропорттук комплексин өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча маселелерди изилдеп чыксын жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топко иштин жүрүшүндө пайда болуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын адистерин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
Премьер-министр |
С.Дж.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аэропорттук комплексин өнүктүрүү стратегиясы боюнча маселелерди изилдөөчү жумушчу топтун
курамы
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн тышкы жардамдарды координациялоо секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
"Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун финансы-экономикалык дирекциясынын директору (макулдашуу боюнча);
"Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун инвестициялык жана стратегиялык өнүктүрүү дирекциясынын директору (макулдашуу боюнча);
"Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун укуктук камсыздоо, кадрларды башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү дирекциясынын директору (макулдашуу боюнча);
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын банкири (макулдашуу боюнча).