Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2018-жылдын 6-декабры № 720

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 82 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуладагы "9" деген цифра "17" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

 

Тиркеме

"Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадр жана мамлекеттик кызмат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадр жана мамлекеттик кызмат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын төмөнкү маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери:

- уюштуруу-инспектордук иштер;

- укуктук экспертиза;

- социалдык өнүктүрүү;

- билим берүү, маданият жана спорт.