Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-апрели № 95-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 токтому менен бекитилген Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобонун 4 жана 5-пункттарын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссия ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
"Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча).