Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-апрели № 100-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жагында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
өсүмдүктөрдүн карантини жагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Тараптардын мамлекеттеринин аймактарын карантиндик зыяндуу организмдердин киришинен жана жайылуусунан коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө ниеттерин эске алышып,
өсүмдүктөрдүн карантини, мамлекеттик карантиндик фитосанитардык иш-чараларды координациялоо, Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда соодага көмөк көрсөтүү жагындагы эл аралык эрежелерге жана ченемдерге таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мыйзамдарына ылайык өз мамлекеттеринин фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына карантиндик зыяндуу организмдердин киришин жана жайылышын болтурбоо үчүн өсүмдүктөрдүн карантини жагында кызматташат.
Бул Макулдашуунун жоболору бардык карантинге алынган продукцияга, анын ичинде топуракка, топурагы менен өсүмдүктөргө жана карантиндик зыяндуу организмдер жашырынып алышына орун болуучу же алардын таралуусуна шарт түзүүчү баардык башка организмдерге, объектилерге же материалдарга, анын ичинде тартуу катары же илимий максаттарда келүүчү, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнө арналган карантиндик продукциянын баарына карата колдонулат.
2-берене.
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
карантиндик зыяндуу организм - Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жок болгон, же чектүү таркаган жана карантиндик зыяндуу организмдердин расмий тизмесине киргизилген өсүмдүктөрдүн зыянкечтери, өсүмдүктөрдүн оору козгогучтары жана отоо чөп өсүмдүктөр;
карантинге алынуучу продукция (карантинге алынуучу жүктөр, карантинге алынуучу материалдар, карантинге алынуучу товарлар) - карантинге алынуучу продукциянын улуттук тизмесине киргизилген, карантиндик объекттерди алып жүрүшү мүмкүн болгон жана (же) алардын таралуусуна шарт түзүүчү, карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон жана аларга карата карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү зарыл болгон өсүмдүктөр, өсүмдүктөрдөн алынуучу продукция, жүктөр, топурак, организмдер, материалдар, тара, упаковка.
3-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруучу компетенттүү органдар:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти;
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан - Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция.
4-берене.
Тараптар кызматташууну төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүшөт:
пайда болгон жана таралып жаткан жаңы карантиндик зыяндуу организмдер жөнүндө, ошондой эле аларга каршы күрөшүү чаралары жана алардын Тараптардын мамлекеттеринин аймагында таралуусун болтурбоо чаралары жөнүндө маалымат алмашуу;
Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында колдонулуп, карантинге алынуучу продукцияны алып келүүнү, алып чыгууну жана транзитин жөнгө салуучу, ошондой эле аларга киргизилген бардык өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине маалымдап туруучу расмий документтерди алмашуу;
карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жагында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, бири-бирине илимий, методикалык жана техникалык жардам көрсөтүү;
Тараптардын өсүмдүктөрдүн карантини жагындагы адистеринин жана эксперттеринин квалификациясын жогорулатуу;
техникалык жактан негизделген жана ачык-айкындык, басмырлоого жана жашыруун чектөөлөргө жол бербөө принциптеринде түзүлгөн фитосанитардык чараларды көрүү;
Тараптардын Карантиндик зыяндуу организмдер боюнча расмий тизмелерине киргизилген бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат алмашуу.
5-берене.
Атайын эл аралык үлгүдөгү маркировка белгилери болгон упаковкалык жана бекитүүчү жыгач материалдарды ташыгандан башка учурларда карантинге алынуучу продукциянын ар бир партиясы, бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташыганда же бир Тараптын мамлекетинин аймагынан башка Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу транзит болуп ташыганда тийиштүү Тараптын компетенттүү органы тарабынан импорттоочу Тараптын мамлекети белгилеген карантиндик фитосанитардык талаптарды сактоо менен берилүүчү фитосанитардык сертификат менен коштолот.
Фитосанитардык сертификаттын бар болушу Тараптардын компетенттүү органдарынын карантинге алынуучу материалдарга өз мамлекетинин карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык фитосанитардык контроль жүргүзүүгө укугун жокко чыгарбайт.
Тараптар ушул Макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде фитосанитардык сертификаттардын үлгүлөрүнүн көчүрмөлөрүн алмашышат. Тараптардын биринин фитосанитардык сертификатына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилсе, бул Тарап алар бекитилген учурдан тартып он күндүн ичинде экинчи Тарапка фитосанитардык сертификаттын жаңыланган үлгүсүн жиберет.
6-берене.
Тараптар бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташылуучу карантинге алынуучу материалдар өндүрүлүүчү, иштетилүүчү, сакталуучу жана упаковкалануучу жерлерди өз ара макулдашуу менен биргелешип текшерүүлөрү мүмкүн, ошондой эле өздөрү катышуучу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык карантиндик фитосанитардык контролдоо системаларына текшерүү жүргүзө алышат.
7-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары карантиндик продукциянын экспорттолуучу партиясы өзүнүн мамлекетинин аймагынан чыгарылганга чейин анын фитосанитардык абалы үчүн жоопкерчиликте болушат.
Карантинге алынуучу продукцияны бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташып кирүү, ташып чыгуу же транзит тийиштүү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аныкталуучу мамлекеттик чек арадагы өткөрүүчү пункттар аркылуу ишке ашырылат.
8-берене.
Карантиндик фитосанитардык контролдоо учурунда карантинге алынуучу продукциянын партиясынан тирүү карантиндик зыяндуу организмдер табылса импорттоочу Тараптын компетенттүү органы аны зыянсыздандырууга укуктуу, ал эми зыянсыздоо мүмкүн болбогон учурда - булганыч партияны жок кылууга, же башка Тараптын компетенттүү органына колдонулган карантиндик фитосанитардык чаралар жана алардын себептери жөнүндө билдирүү менен бир күндүн ичинде экспортчуга кайтарууга укуктуу.
9-берене.
Карантинге алынуучу продукцияны экспорттоодо карантиндик зыяндуу организмдерден таза упаковка пайдаланылууга тийиш. Упаковка жана упаковкалоочу материалдар топурактан таза болушу керек. Чөп, саман, топон, таарынды, жалбырактар жана башка өсүмдүк материалдары упаковка катары пайдаланылбайт.
Карантинге алынуучу продукцияны ташууда пайдаланылган транспорттук каражаттар кылдаттык менен тазаланат, ал эми зарыл болсо зыянсыздалат.
10-берене.
Карантинге алынуучу продукцияны Тараптардын мамлекеттеринин аймагына ташып келүү же алар аркылуу транзит алардын улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
11-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу практикалык маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө эки жакка тең илимий жана практикалык кызыкчылыгы бар жумушчу жолугушууларды, семинарларды жана стажировкаларды өткөрүү үчүн бири-бири менен түздөн-түз байланышып иш жүргүзө алышат.
Кызматташтыктын конкреттүү иш-чараларын жана аларды ишке ашыруу мөөнөтүн аныктоо максатында Тараптардын компетенттүү органдары өзүнчө Иш-чаралар планын түзө алышат.
Тараптардын компетенттүү органдары жылына бир жолудан кем эмес биргелешкен кеңешмелерди өткөрүшөт же делегацияларды алмашышат. Адистеринин баруусу жана жашаганы үчүн чыгымдарды жөнөткөн Тарап өзүнө алат.
Кеңешмени өткөрүүчү жер, өткөрүүнү убактысы жана программасы Тараптардын компетенттүү органдарынын макулдашуусу менен аныкталат.
12-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерден, ошондой эле алардын өсүмдүктөрдүн карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнө байланыштуу келип чыгуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
13-берене.
Тараптар өз ара макулдашуу менен ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделип жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн.
Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
14-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш (5) жылдык мөөнөткө жарактуу. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө ниетин билдирбесе, ал автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
Бул Макулдашуу Тараптардын бири экинчи Тараптын аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып алты (6) ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.
2019-жылдын "__" ___________ _______________ шаарында ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана баардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууда жана чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |