Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-апрели № 99-б
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Норвегиянын Статистикалык башкармалыгынын жана Норвегиянын картографиялык кызматынын ортосундагы "Туруктуу өнүктүрүү үчүн карталар жана статистика" долбоорун ишке ашыруу максатында институттук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Норвегиянын Статистикалык башкармалыгынын жана Норвегиянын картографиялык кызматынын ортосундагы "Туруктуу өнүктүрүү үчүн карталар жана статистика" долбоорун ишке ашыруу максатында институттук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Норвегиянын Статистикалык башкармалыгы жана Норвегиянын картографиялык кызматы,
"Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Норвегиянын Статистикалык башкармалыгынын жана Норвегиянын картографиялык кызматынын ортосундагы "Туруктуу өнүктүрүү үчүн карталар жана статистика" долбооруна (мындан ары - Долбоор) 23161314 (жыйырма үч миллион жүз алтымыш бир миң үч жүз он төрт) норвегиялык крондон ашпаган суммадагы техникалык жардам берүү аркылуу колдоо көрсөтүү жөнүндө Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин чечимин, ошондой эле 2017-жылдын 4-декабрында Осло шаарында кол коюлган Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги менен Норвегиянын Статистикалык башкармалыгынын ортосундагы Гранттык макулдашууда каралган алардын ортосундагы кызматташуу каражаттары көрсөтүлүүчү ушул Меморандумду түзүүнү Тараптар каалагандыгын эске алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Тараптар
Ушул Меморандумду ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети,
Норвегия тараптан - Норвегиянын Статистикалык башкармалыгы (Statistisk sentralbyra) жана Норвегиянын картографиялык кызматы (Statens kartverk).
ИСР | - | Ишканалардын статистикалык регистри; |
Геопортал | - | Интернетте ортофотоплан жайылтуу үчүн вебсайт; |
Геофонд | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык фонду; |
Мамкартография | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы; |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; |
ККМУКД | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти; |
НТИМ | - | Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги; |
ММУИ | - | Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмү; |
НКК | - | Норвегиянын картографиялык кызматы; |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
НСБ | - | Норвегиянын Статистикалык башкармалыгы; |
ТӨМ | - | Туруктуу өнүктүрүү максаты. |
Ушул Меморандумдун максаты Долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан Тараптардын ортосундагы кызматташуу шарттарын түзүү болуп саналат.
Долбоор ресурстарды оптималдуу бөлүштүрүү үчүн иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген пландоону өркүндөтүүгө багытталган.
2-берене. Долбоордун иш-чаралары
1-компонент. Карталардагы статистика
Бул компонент долбоордун, ошондой эле геомаалыматтар порталын жана ММУИни түзүү боюнча Кыргыз Республикасында кабыл алынган демилгелердин алкагында ведомстволор аралык кызматташуунун эки багытынын бири болуп саналат.
Компоненттин максаттары:
а) улуттук геомаалыматтар порталын түзүүгө катышуу, ал эми узак мөөнөттүү келечекте - анын мазмунун аныктоо;
б) статистикалык талдоону жакшыртуу;
в) статистикалык маалыматтарды талдоо үчүн карталарды колдонуу;
г) карталардагы статистикалык маалыматтарды (анын ичинде ТӨМдүн көрсөткүчтөрүн) жайылтуу.
2-компонент. Сапатты камсыздоо
Статистиканын сапатын камсыздоо боюнча компонент статистикалык өндүрүш жаатында учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Компоненттин алкагында иш-чараларды ишке ашырууда статистикада учурдагы өндүрүштүк процесстерди өзгөртүү маселелерине негизги көңүл бурулат.
Компоненттин максаттары:
а) өндүрүштүк процесстерди оптималдаштыруу аркылуу статистикалык маалыматтардын сапатын камсыздоо;
б) статистикалык маалыматтарды топтоо стратегиясын кайра кароо жана аны модернизациялоого басым жасоо;
в) изилдөөлөрдүн анкеталарын иштеп чыгуу жана тестирлөө жол-жоболорун киргизүү.
3-компонент. Сапатты жакшыртуу үчүн регистрлерди баалоо жана байланыштыруу
Мамкаттоо азыркы убакта УСК үчүн чоң кызыкчылыкты туудурган үч административдик регистрди түзүүдө.
Бул даректик регистр, калктын регистри, кыймылсыз мүлк регистри.
Тийиштүү маалыматтарды актуалдаштыруу үчүн УСК азыркы убакта түзүлүп жаткан ИСРди даректик регистр менен бириктирүү боюнча иштерди жүргүзөт, ал эми калктын жана кыймылсыз мүлктүн регистрлери алдыда боло турган калкты жана турак жай фондун каттоонун (2020-ж.) маалыматтарынын сапатын жакшыртуу үчүн колдонулат. Андан тышкары, административдик маалыматтардын негизинде демографиялык статистика өндүрүшүн камсыздоо боюнча активдүү иштер эл аралык деңгээлде жүргүзүлүп жатат. Ушуга байланыштуу демографиялык статистика өндүрүшү үчүн Мамкаттоонун жарандык абалдын актыларын жазуу маалыматтарын колдонуу ушул компоненттин багыттарынын бири болот.
Компонент төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
а) ИСРди ККМУКДнын даректик регистри менен бириктирүү;
б) тышкы булактардан алынган маалыматтардын сапаты менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана ички булактарды шайкеш келтирүү максатында маалыматтарды талдоону колдонуу;
в) каттоо маалыматтарынын сапатын жакшыртуу жана каттоо боюнча иш-чараларды уюштурууну жакшыртуу үчүн Мамкаттоонун калктын регистринин маалыматтарын колдонуу;
г) демографиялык статистика өндүрүшү жана жарандык абалдын актыларын жазуу маалыматтарынын сапатын бир эле убакта текшерүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу маалыматтарын колдонуу.
4-компонент. Туруктуу өнүктүрүү максаты үчүн карталар
НТИМ долбоорду каржылоонун жалпы көлөмүнөн 10300000 (он миллион үч жүз миң) норвегиялык крондон ашпаган суммада төртүнчү компонентти техникалык колдоого алууну камсыздайт. Төртүнчү компонент үч иш-чарадан турат.
1. НКК көрсөткөн колдоо - НКК долбоорду башкарууга, сатып алууларга, отчет берүүгө, техникалык жардам көрсөтүүгө, Долбоордун натыйжаларынын сапатын камсыздоого жана билимди өткөрүп берүүгө колдоо көрсөтөт.
Ушул иш-чарага потенциалды жогорулатуу жана коомчулукту маалымдоо боюнча төмөнкүдөй маселелер кирет:
- Норвегияда жана Кыргыз Республикасында техникалык персонал үчүн окуу курстары;
- семинарларды өткөрүү, пресс-релиз чыгаруу ж.б.у.с. иштер менен Геопортал аркылуу маалымат алмашуу жана маалыматтарды жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүк берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосунда институттук кызматташууга жөндөм түзүүчү коомчулукту маалымдоо кампаниялары.
2. Фотокарталарды жана карталарды даярдоо төмөнкүдөй 4 иш-аракетти камтыйт:
- 20000 км2, анын ичинде Бишкекти жана ага жакын райондорду, Ысык-Көлдүн айланасындагы жана Фергана өрөөнүнүн калктуу конуштарды аэрофотосүрөткө тартуу жана фотокарталарды чыгаруу. Долбоор камтыган акыркы зона НКК тарабынан жүргүзүлүүчү конкурстук тооруктун жыйынтыгында алынган бааларга көз каранды болот. Аэрофотосүрөткө тартуу 2019-жылдын жаз-жай айларында өтөт, бирок аба-ырайынын шарттарына жараша сүрөткө тартуу 2019-жылдын аягына жылышы мүмкүн. Фотокарталар белгилүү методдорду жана технологияларды колдонуу менен даярдалат (санариптик аэрофотосүрөткө тартуу жана жердин санариптик моделин аныктоо методу);
- Бишкек үчүн линиялык карталарды даярдоо, 160 км2. Линиялык карталар фотокарталар үчүн даярдалган ошол эле аэрофотосүрөттөрдү колдонуу менен даярдалат;
- жыйынтыктын сапатын контролдоо. Бардык берилген маалыматтардын сапаты контролдонууга тийиш, ал НККнын көмөгү менен жана Мамкартографиянын колдоосу менен Мамкаттоо/ККМУКД тарабынан аткарылат;
- Геопортал аркылуу фотокарталарды Интернетке натыйжалуу жайылтуу үчүн чечимдерди иштеп чыгуу.
НКК Геопортал аркылуу фотокарталарды Интернетке жайылтуу үчүн чечимдерди иштеп чыгууга тендер өткөрүү жолу менен жеке компанияны аныктайт. НКК чыгарылган чечимдин техникалык өзгөчөлүктөрүн жана сапатын контролдоону колдойт. Аэрофотосүрөткө тартуу иштери бүткөндөн кийин долбоордук продуктулар (жыйынтыктар), программалык камсыздоо жана жабдуулар Мамкаттоо/ККМУКДга өткөрүп берилет.
3. Статистикалык максатта географиялык маалыматтарды берүүгө багытталган Геопорталда географиялык маалыматтарды жайылтуу үчүн чечимдерди иштеп чыгуу 3 иш-аракетти өзүнө камтыйт:
- бүткүл өлкө боюнча статистиканы колдоо үчүн учурдагы карталарды топтоо. Учурдагы карталар Геопортал аркылуу Интернетке жайылтуу үчүн, атап айтканда статистикалык максатта колдонуу үчүн ылайыктуу форматта топтолот, талданат, жаңыланат жана сакталат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында тийиштүү маалыматтарды кармоочулардын ортосунда маалымат алмашуу принциптерин, стандарттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу. НКК түз сатып алуу аркылуу жеке консультантты тартат, ал НКК, НСБ, УСК, Мамкаттоо/ККМУКД жана Кыргыз тараптан тартылган башка жактар менен тыгыз кызматташтыкта документтерди даярдайт;
- маалыматтарды жайылтуу үчүн Интернет-порталды (Геопорталды) иштеп чыгуу. Иш-аракет Геопортал үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгуу менен башталат.
Экинчи иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдала турган фотокарталар жана линиялык карталар Геопорталда жеткиликтүү болот жана статистикалык маалыматтарды даярдоо жана жарыялоо үчүн колдонулат.
3-берене. Тараптардын ролу жана жоопкерчилиги
Долбоор ушул Меморандумдун Тараптарынын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
- УСК кыргыз тараптан жыйынтыкка жетишүү, ошондой эле УСКнын керектөөлөрүн аныктоо, долбоорду башкаруу командасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн, ошондой эле ушул керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн мониторинг жүргүзүү; зарыл болгон адамдык жана техникалык ресурстарды өз убагында камсыздоо жана Долбоордун иш-чараларын өз убагында аткаруу; Долбоордун каалаган жыйынтыгына/чыгыш продуктуларына жетишүүнү камсыздоо; Долбоордун алкагында сапатка жана ылайыктуулук критерийлерине болгон талаптарды аныктоо үчүн жоопкерчилик тартат;
- НСБ долбоор үчүн экономикалык жана укуктук жоопкерчилик тартат, натыйжада НТИМ менен макулдашкандан кийин УСКнын жана НСБнын ортосунда кайчы пикирлер пайда болгон учурда чечим кабыл алуучу негизги орган болуп саналат, максатка жетүү; отчеттордун дал келбегенин аныктоо жана бул жөнүндө долбоорлордун жетекчилерине билдирүү жана тийиштүү чара көрүүнү камсыздоо; зарыл ресурстардын болушун камсыздоо; долбоордун иш-чараларынын өз убагында аткарылышын контролдоо; каражаттарды колдонууну жактыруу; Долбоордун жашоо жөндөмүн баалоо жана тастыктоо, долбоордук сунуштардын реалдуулугун камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартат;
- НКК Долбоордун төртүнчү компонентин жетектейт жана контролдойт. Ушул ролдо НКК максималдуу катышууну камсыздоо үчүн ККМУКД жана Мамкартография менен тыгыз байланышта долбоорлордун толук планын түзөт, тендер өткөрөт, сатып алууларды жүргүзөт, жеткирүүлөрдүн сапатын контролдойт жана төлөмдөрдү ишке ашырат.
Долбоордун төртүнчү компоненти менен байланышкан иш-чаралардын көпчүлүгү сапаты жана наркы жагынан көбүрөөк пайдалуу сунушту камсыздоо менен эл аралык тооруктарга коюлат.
НКК техникалык жардам көрсөтөт жана билим берет, мында НКК Норвегия тарабынан каржыланган башка долбоорлордун тажрыйбасын өткөрүп берүүнү кошкондо, көбүрөөк тийиштүү кесиптик компетенцияга жана тажрыйбага, алдыңкы методдорго ээ;
- Мамкаттоо Долбоор боюнча өнөктөш катарында, ошондой эле техникалык жардамга жана окууга байланышкан жыйынтыктардын алуучусу катарында тыгыз кызматташат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган тийиштүү маалыматтарды, байланыштарды берүүгө жана Кыргызстандагы административдик жол-жоболорду камсыздоого көмөк көрсөтөт; Долбоорду аткаруу үчүн, ошондой эле тийиштүү талаа иштери, Долбоор боюнча тренингдерди жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн жумушчу топ түзөт. Аба мейкиндигин колдонууну Мамкаттоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен макулдашат.
Баштапкы маалыматтар: аэрофотосүрөттөр, рельефтин санариптик модели жана ортофотопландар Геофонддо сакталат.
4-берене. Байланышка чыгуучу адамдар
УСКнын байланышка чыгуучу Долбоордун жетекчиси: Эльмира Алымкулова, УСКнын аппарат жетекчиси, Тел.: +996 312 62 60 84 | НСБнын байланышка чыгуучу Долбоордун жетекчиси: Ирене Тувенг, Кызматташууну өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн начальниги Тел.: +47 400 200 41 E-mail: irene.tuveng@ssb.no |
Долбоордун координатору: Омурбек Ибраев Тел.: +996 550 366 733 E-mail: oibraev@gmail.com | Долбоордун менеджери: Сигне Вральштад, Ага кеңешчи Tel.: + 47 45254262; E-mail: signe.vralstad@ssb.no |
Мамкаттоо/ККМУКДнын байланыш адамдары Долбоордун жетекчиси: Абдумуктар Маматов, ККМУКДнын директору Тел.: +996 312 610 262 E-mail: depkadastra@srs.kg | НККнын байланыш адамдары Долбоордун жетекчиси: Каре Киркжейде, Директор, Эл аралык кызматтар Тел.: + 47 32 11 83 56 E-mail: kare.kyrkjeeide@kartverket.no |
Долбоордун менеджери: Алмаз Абдиев, ГМС борборунун жетекчиси Тел.: +996 555 996 811 E-mail: al.abdiev@gmail.com | Долбоордун менеджери: Елена Буш, Ага инженер, Эл аралык кызматтар Тел.: + 47 32 11 85 12; E-mail: elena.busch@kartverket.no |
5-берене. Долбоордун узактыгы
Долбоорду 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде (колдоо көрсөтүү мезгили) ишке ашырууну Тараптар шарттап жатат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү Тараптардын өз ара макулдугу менен узартылышы жана НТИМ тарабынан жактырылышы мүмкүн.
Ушул Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Тараптар тарабынан аткарылгандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып ушул Меморандум күчүнө кирет.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча ар түрдүү кайчы пикирлер Тараптар тарабынан консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
201___-жылдын "___" ____________ _______________ шаарында төрт нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумдун текстин чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болуп саналат.
Орду жана датасы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
| Норвегиянын статистикалык башкармалыгы |
_________________________________ |
| ___________________________________ |
А.Ш.Султанов |
| Лассе Сандберг |
Төрага |
| Директор, Баалар, финансы жана тышкы статистика департаменти |
|
|
|
_________________________________ |
| ___________________________________ |
Бишкек, Кыргызстан |
| Осло, Норвегия |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
| Норвегиянын Картографиялык кызматы |
_________________________________ |
| ___________________________________ |
А.К.Шаикова |
| Каре Киркжейде |
Төрага |
| Директор, Эл аралык кызмат |
|
|
|
_________________________________ |
| ___________________________________ |
Бишкек, Кыргызстан |
| Осло, Норвегия |