Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-апрели № 103-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы иштиктүү соода-экономикалык кызматташууну улантуу максатында:
1. 2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Минералдык жер семирткичтерди жеткирүү жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Минералдык жер семирткичтерди жеткирүү жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, 2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Минералдык жер семирткичтерди жеткирүү жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 8-беренесинин негизинде, соода-экономикалык кызматташууну улантуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 3-беренесиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Макулдашуу аяктаганга чейин күчүндө болот.
201__- жылдын "__" ______________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
_________________________ |
| _________________________ |