Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-апрели № 91-б
Бишкек шаарында 2019-жылдын 15-апрелинде өтө турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Бишкек шаарында 2019-жылдын 15-апрелинде өтө турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу" программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Чолпонбаев Космосбек Сариевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, делегациянын башчысы; |
Маматалиев Марлен Абдырахманович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Самигуллина Альфия Эльдаровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Боронбаева Элнура Кочконовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Алыбаев Автандил Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Алыбаева Жаңыл Ишенбековна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары. |