КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-апрели № 92-б
«Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коомуна жана «Бешинчи канал» жабык акционердик коомуна бир жолку финансылык колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүлөрдүн иштерин каржылоо үчүн 40,0 (кырк) миллион сом бөлсүн:
- 20,0 (жыйырма) миллион сом - «Медиа-холдинг Пирамида» жоопкерчилиги чектелген коомуна;
- 20,0 (жыйырма) миллион сом - «Бешинчи канал» жабык акционердик коомуна.
2) «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун даярдоо учурунда тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |