Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-марты № 32-б
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана ишине зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте:
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине Бишкек шаары. Киев кечөсү, 96 "Б" дарегиндеги мамлекеттик имараттан жалпы аянты 61.0 кв. м. болгон № 313, 314, 315, 716-б кабинеттерди акысыз пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарынын негизинде. коммуналдык кызматтарга жана эсплуатациялык чыгымдарга акы төлөе менен беш жыл мөөнөткө пайдаланууга берсин;
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн кабинеттерди максатка ылайык пайдалануусун камсыздасын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |