Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2019-жылдын 6-майы ПБ № 95
1. Кыргыз Республикасы менен Көп улуттуу Боливия Мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасы менен Көп улуттуу Боливия Мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы менен Көп улуттуу Боливия Мамлекети,
эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүнү жана достукту, кызматташтыкты чыңдоону каалап,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирүүчү элчилердин деңгээлинде дипломатиялык мамилелерди түзүүнү чечишти.
Муну ырастоо үчүн ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кыргыз, орус, англис жана испан тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Нью-Йорк шаарында 2019-жылдын "__" ______________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Көп улуттуу Боливия Мамлекети үчүн |
|
|
|
_________________________________ |
| _________________________________ |