Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 3-майы № 118-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Иштетүү жана кайра иштетүү ишканаларын өнүктүрүүнү каржылоо" долбоору (мындан ары - Долбоор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Долбоорду ишке ашырууга катышуучу финансы-кредиттик уюмдар менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан субсидиялардын биринчи траншын каржыласын, ошондой эле Долбоорду кийинки жылдарга (субсидиялардын экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи транштары) каржылоону карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча анын натыйжалуулугун жана Долбоорду ишке ашыруунун социалдык-экономикалык кесепеттерин бааласын жана баалоонун жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
"Иштетүү жана кайра иштетүү ишканаларын өнүктүрүүнү каржылоо" долбоору
1. Жалпы жоболор
1. "Иштетүү жана кайра иштетүү ишканаларын өнүктүрүүнү каржылоо" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары Кыргыз Республикасынын аймагындагы тамак аш кайра иштетүү чөйрөсүндө жана тигүү тармагында өндүрүштүк-өнөр жай ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана финансы-кредиттик уюмдардын каражаттары.
3. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2019-жылдын майы.
4. КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча рынокторго продукцияны жеткирүүчү жана кызматтарды көрсөтүүчү ишкердик субъекттерге багытталуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 75 пайызынан кем эмесин; КНСти төлөө менен өндүрүлгөн продукцияны жеткирүүчү ишкердик субъекттерге багытталуучу каражаттар 25 пайыздан ашык эмести түзүүгө тийиш.
Финансы-кредиттик уюмдар мурда алынган кредиттик каражаттардын максаттуу тармагы Долбоордун максаттарына шайкеш келген учурда зайымчылардын болгон карыздарын, анын ичинде башка финансы-кредиттик уюмдардагы карыздарын кайра каржылоого укуктуу, мында кайра каржылоого багытталуучу жалпы сумма ар бир конкреттүү кредит боюнча каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.
Финансы-кредиттик уюмдар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кепилдиги менен ушул Долбоордун алкагында, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк-өнөр жай ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттерди каржылоого укуктуу.
5. Кредит алуучуларга карата негизги талаптар:
- товар/продукция чыккан өлкө Кыргыз Республикасы экендиги жөнүндө СТ-1 формасындагы келип чыгуу сертификатынын болушу;
- өндүрүштүк линиянын болушу;
- жергиликтүү жеткирүүчүлөр менен келишимдердин болушу;
- жакшы кредиттик тарыхы;
- Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карыздарынын жоктугу.
КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча продукцияларды жеткирүүчү (анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануучу), акыркы 12 айда чет өлкөлүк рынокторго продукцияларды төмөнкүдөй көлөмдөрдө жеткиришкен ишкердик субъекттер 8 пайыздык ставка боюнча кредит ала алышат:
- чыккан өлкөсү кумулятивдик принциптин негизде аныкталган товарларды өндүрүүчүлөр К категориясындагы товардын келип чыгуу критерийи аркылуу СТ-1 формасындагы сертификат менен ырасталуучу КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча продукцияларды жеткирүүлөрдүн 50 пайызынан кем эмес;
- товарлары жетиштүү түрдө иштетилген (кайра иштетилген) жана Д категориясындагы товардын келип чыгуу критерийи аркылуу СТ-1 формасындагы сертификат менен ырасталган өндүрүүчүлөр КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча продукцияларды жеткирүүлөрдүн 30 пайызынан кем эмес;
- товарлары негизинен жергиликтүү чийки затты жана материалдарды пайдалануу менен толук бойдон Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана П категориясындагы товардын келип чыгуу критерийи аркылуу СТ-1 формасындагы сертификат менен ырасталган өндүрүүчүлөр КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча продукцияларды жеткирүүлөрдүн 15 пайызынан кем эмес.
Жеткирүүлөрдүн көлөмү, анын ичинде КНСтин нөлдүк ставкасы менен продукцияларды жеткирүү көлөмү салыктык катталган жери боюнча салык кызматы органдарына акыркы 12 ай үчүн берилген жана көрсөтүлгөн мезгилге салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен ырасталган кошумча нарк салыгы боюнча отчеттордун (FORM STI-062) негизинде ырасталат.
Патенттин негизинде иштеген тигүү тармагындагы ишкердик субъекттер үчүн КНСтин нөлдүк ставкасы менен продукцияны жеткирүү жөнүндө ырастоо талап кылынбайт. Мында бул категориядагы ишкердик субъекттер акыркы 12 айда чет өлкөлөрдүн рынокторуна продукцияны жеткиргендиги жөнүндө транспорттук (логистикалык) компания менен келишимди милдеттүү түрдө берүүсү зарыл.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын ар бир регионунун адистешүүсүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк-өнөр жай ишин түзүү жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду жана өтүнмөлөрдү карайт.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду инвестициялык максатта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоо алышкан, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк-өнөр жай ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттердин Долбоордун алкагында жүгүртүү капиталына каржылоо алышы үчүн финансы-кредиттик уюмдарга кепилдиктерди берүү механизмин пайдаланат.
6. Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежеси жана тартиби 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 761 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун тартиби менен жөнгө салынат.
7. Долбоорго катышуучу финансы-кредиттик уюмдар өндүрүштүк-өнөр жай иши менен алектенген зайымчыларды төмөнкүдөй жалпы шарттарда кредит менен камсыз кылышат:
Максаттуу багыты | Айыл чарба кызматтарын көрсөтүү секторун кошкондо, иштетүү жана кайра иштетүү өнөр жайында продукцияларды, товарларды өндүрүү жана кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында аналогу жок даяр продукцияны Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү, анын ичинде: а) даяр продукцияны чыгарууга негизделген тамак-аш иштетүү; б) жеңил өнөр жайы: - текстиль (пахта, жүн, трикотаж, кийиз жасоону, тор токууну кошкондо); - тигүү; - булгаары иштетүү; - тери; - бут кийим |
Акыркы пайыздык ставка | Тамак-аш кайра иштетүү чөйрөсүндөгү жана тигүү тармагындагы бардык ишкердик субъекттер үчүн жылдык 10 пайыз Продукциясы чет өлкөлөрдүн рынокторуна КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча жеткирилүүчү ишканалар, өндүрүүчүлөр үчүн, Кыргыз Республикасынын региондорундагы ишканалар үчүн жылдык 8 пайыз |
Кредиттин мөөнөтү | Жүгүртүүчү каражаттарга 36 айдан ашык эмес жана негизги каражаттарга 60 айдан ашык эмес |
Жеңилдетилген мөөнөт | Негизги сумма боюнча 6 айга чейин |
2. Өндүрүштүк-өнөр жай ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттер үчүн кошумча шарттар
8. Долбоордун алкагында негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алууну кошкондо, өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.
9. Өндүрүштө пайдаланылуучу негизги каражаттардын бардык түрү сатып алуу үчүн кредит алууга мүмкүн болгон негизги каражаттар болуп саналат, анын ичинде:
- имараттар жана курулмалар;
- машиналар жана жабдуулар;
- өлчөөчү жана жөнгө салуучу приборлор жана түзүлүштөр;
- эсептөө техникасы (компьютердик жабдуулар жана технологиялар), оргтехника;
- транспорт каражаттары;
- өндүрүштүк багыттагы шаймандар;
- колдонуу мөөнөтү 1 жылдан ашык болгон өндүрүштүк жана чарбалык инвентарлар;
- материалдык негизги фонддордун башка түрлөрү.
10. Өндүрүш процессинде түздөн-түз колдонулбаган негизги каражаттар (өндүрүштүк максаттарга эмес кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, көмөкчү жабдууларды сатып алуу) каржыланбайт.
11. Кредиттин өлчөмү бир ишкердик субъектке 100 млн. сомдон ашпоого тийиш. 7-пунктта көрсөтүлгөн экономика тармактарында иш жүргүзгөн ишкердик субъекттер Кыргыз Республикасынын резиденттери болууга жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошкондо, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкерлерден тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак же жеке ишкер катары катталууга тийиш.
Патенттин негизинде иш жүргүзгөн тигүү тармагындагы ишкердик субъекттер үчүн кредиттин өлчөмү негизги каражаттарга 1 млн. сомдон ашпоого жана жүгүртүү каражаттарына 500 миң сомдон ашпоого тийиш.
12. Кредит алууда артыкчылыктуу болуп төмөнкү субъекттер, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылануучу субъекттер саналат:
- өз продукциясын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатуу (жеткирүү) келишимдерин (контракттарын) түзгөн;
- жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен чийки затты жеткирүү келишимдерин (контракттарын) түзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк-өнөр жай ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттер;
- акыркы 12 айда өндүрүшүн кеңейтүү/көбөйтүү жана салыктык чегерүүлөрдүн көлөмдөрүн көбөйтүү менен жумуш орундарынын санынын өсүшү оң динамикада болгон.
3. Кепилдик фонду
13. Потенциалдуу зайымчылардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда, финансы-кредиттик уюмдар кепилдик фондунун уставына ылайык зайымчынын атынан кепилдиктерди (кепилчилик) алуу жөнүндө арыз менен кепилдик фонддоруна кайрылууга укуктуу. Кепилдик фондунун кепилдиктери (кепилчилиги) ишкердик субъекттин кредиттик келишим боюнча милдеттенмесинин камсыздалбаган бөлүгүнө берилет. Кепилдик (кепилчилик) берүү жөнүндө түзүлгөн келишимдер боюнча кепилдик фондунун жоопкерчилигинин көлөмү кардардын финансы-кредиттик уюмдун алдындагы негизги милдеттенмесинин (кредиттин негизги суммасынын) көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш. Финансы-кредиттик уюм кепилдик фондунун кепилдигин (кепилчилигин) кепилдик фонд менен финансы-кредиттик уюмдун ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленген мультипликатордук коэффициент боюнча кабыл алат. Кепилдик (кепилчилик) берүү акысыз негизде жүргүзүлөт жана кепилдик (кепилчилик) келишими менен аныкталат.
14. Кепилдик фондунун кепилдик (кепилчилик) берүү тартиби жана шарттары "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
4. Субсидияларды эсептөө
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жеңилдетилген кредиттерди берүүдө финансы-кредиттик уюмдардын чыгымдарын жабуу үчүн төмөнкүдөй шарттар аныкталган:
- кредиттин мөөнөтү - кредитти ай сайын бирдей үлүштөрдө, негизги сумманы 6 айга чейинки жеңилдетилген төлөө мезгили менен жүгүртүү каражаттарына 36 айдан ашык эмес жана негизги каражаттарга 60 айдан ашык эмес;
- продукциясы чет өлкөлөрдүн рынокторуна КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча жеткирилүүчү жергиликтүү ишканалар, өндүрүүчүлөр үчүн, Кыргыз Республикасынын региондорундагы ишканалар үчүн пайыздык ставка - жылдык 16 пайыз; тамак-аш кайра иштетүү чөйрөсүндөгү жана тигүү тармагындагы бардык ишкердик субъекттер үчүн - жылдык 16 пайыз;
- тамак-аш кайра иштетүү чөйрөсүндөгү жана тигүү тармагындагы бардык ишкердик субъекттер үчүн акыркы пайыздык ставка - жылдык 10 пайыз;
- КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча продукцияны жеткирүүчү ишканалар, Кыргыз Республикасынын региондорундагы ишканалар үчүн акыркы пайыздык ставка - жылдык 8 пайыз;
- субсидиялоо ставкасы - 8 пайыз (коммерциялык пайыздык ставка менен тамак-аш кайра иштетүү чөйрөсүндөгү жана тигүү тармагындагы бардык ишкердик субъекттер үчүн пайыздык ставканын ортосундагы айырма);
- субсидиялоо ставкасы - 10 пайыз (коммерциялык пайыздык ставка менен КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча продукцияны жеткирүүчү ишканалар, Кыргыз Республикасынын региондорундагы ишканалар үчүн пайыздык ставканын ортосундагы айырма).
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги карыздын негизги суммасын төлөө боюнча 6 айга чейин жеңилдетилген мезгил менен берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун төмөнкүдөй коэффициенттерин кабыл алсын:
- 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн эсептик коэффициент 14,33 түзөт, анын ичинде биринчи транш үчүн - 7,11, экинчи транш үчүн - 5,49, үчүнчү транш үчүн - 1,73;
- 60 айга чейинки мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн эсептик коэффициент 22,33 түзөт, анын ичинде биринчи транш үчүн - 7,21, экинчи транш үчүн - 6,9, үчүнчү транш үчүн - 8,22.
17. Субсидиялоо коэффициенти кредит берүү мөөнөтүнө жараша жогорулашы жана төмөндөшү мүмкүн, бирок субсидиялоонун 8 пайызды түзгөн ставкасы өзгөрүүсүз калат.
5. Субсидияларды которуу
18. Эсептик коэффициенттерге ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан финансы-кредиттик уюмдарга төмөнкү транштар менен которулат:
- биринчи транш - финансы-кредиттик уюмдардын тиешелүү айга субсидиялоого өтүнмөлөрүн алган күндөн тартып 2019-жылдын ар бир айынын 30/31ине чейин;
- экинчи транш - биринчи транш берилген күндөн тартып 365 күн өткөндөн кийин;
- үчүнчү транш - экинчи транш берилген күндөн тартып 365 күн өткөндөн кийин;
- төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген күндөн тартып 365 күн өткөндөн кийин;
- бешинчи транш - төртүнчү транш берилген күндөн тартып 365 күн өткөндөн кийин.
6. Долбоорду ишке ашыруу схемасы
7. Долбоорду ишке ашырууну сыпаттоо
19. Долбоорго катышууну каалаган финансы-кредиттик уюмдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен субсидия берүү жөнүндө макулдашууну түзүшөт.
20. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн финансы-кредиттик уюмдар ар бир айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү айга карата кредиттөөнүн суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө беришет.
21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик коэффициентке ылайык субсидиянын суммасын эсептейт жана субсидиянын траншын финансы-кредиттик уюмдарга которуу үчүн тиешелүү айга финансылык планды даярдайт.
22. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан финансы-кредиттик уюмдардын алыш-бериш эсептерине тиешелүү айдын 30/31ине чейин которулат.
23. Субсидия которулгандан кийин финансы-кредиттик уюмдар комиссиялык же башка жыйымдарды албастан өз каражаттарынан өндүрүүчүлөргө төмөнкү шарттарда кредит бере башташат:
- пайыздык ставка - тамак-аш кайра иштетүү чөйрөсүндөгү жана тигүү тармагындагы ишкердик субъекттер үчүн жылдык 10 пайыз, продукциясы КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча чет өлкөлөрдүн рынокторуна жеткирилүүчү жергиликтүү ишканалар, өндүрүүчүлөр үчүн, Кыргыз Республикасынын региондорундагы ишканалар үчүн 8 пайыз;
- кредитти төлөө мөөнөтү - жүгүртүү каражаттарына 36 айдан ашык эмес жана негизги каражаттарга 60 айдан ашык эмес;
- кредит боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө негизги сумма боюнча 6 айга чейин жеңилдетилген мезгил берүү менен кредиттик макулдашууга ылайык жүргүзүлөт.
24. Финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча субсидиялардын пайдаланылбаган суммаларынын калдыгы финансы-кредиттик уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которулат.
8. Тобокелдиктер жана коркунучтар
25. Жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан кредиттик каражаттардын максатсыз пайдаланылышы боюнча тобокелдикти азайтуу финансы-кредиттик уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда финансы-кредиттик уюмдар зайымчыдан пайдаланылбаган кредиттик каражаттардын калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга жана финансы-кредиттик уюм менен зайымчынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин жоболоруна ылайык пайыздык ставкаларды кредит алган күндөн тартып жылдык 30 пайыз өлчөмүндө белгилөөгө укуктуу. Бул учурда финансы-кредиттик уюм берилген кредиттин суммасынан эсептик коэффициенттерди эсепке алуу менен алынган субсидиялык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарууга милдеттенет.
26. Финансы-кредиттик уюмдар тарабынан субсидиялардын каражаттарынын максатсыз пайдаланылышы боюнча тобокелдикти азайтуу максатында:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте субсидиялардын максаттуу пайдаланылышына карата ички критерийлерге ылайык тандоо негизинде финансы-кредиттик уюмдардын ишине көзөмөл жүргүзөт;
- финансы-кредиттик уюмдар зайымчылардын макулдугу менен жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ар бир зайымчы боюнча кредиттөөнүн көлөмүн, максаттуу багытын, кредиттөө мөөнөтүн жекече көрсөтүү менен, жазуу жүзүндө жана электрондук форматта Долбоорго ылайык жайгаштырылган кредиттер жөнүндө отчетторду берет;
- финансы-кредиттик уюмдар тарабынан субсидиялардын каражаттары максатсыз пайдаланылган факты аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте андан ары субсидиялоону токтотууга жана түзүлгөн макулдашуунун жоболоруна ылайык субсидиянын траншына (которулган күндөн тартып) жылдык 30 пайыз өлчөмдөгү ставка боюнча пайыздарды кошуп эсептөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Кошуп эсептелген жылдык 30 пайыз түрүндөгү финансылык санкциялар субсидиянын которулган траншы менен бирге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которулууга тийиш.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмелердин толук эмес аткарылышы боюнча тобокелдикти азайтуу максатында:
- Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ар бир айдын 30/31ине чейин субсидиялоонун эсептик коэффициенттерине жана субсидияларды которуу тартибине ылайык субсидиянын биринчи траншын республикалык бюджеттен финансы-кредиттик уюмдардын алыш-бериш эсептерине которот;
- субсидиялардын экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи транштарын төлөө үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мезгилге республикалык бюджетинде каралат.
28. Кредиттик каражаттарды толук өздөштүрө албай калуу тобокелдигин азайтуу максатында:
- Долбоорго финансы-кредиттик уюмдарды максималдуу тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде субсидиялоонун эсептик коэффициенттерин жана субсидияларды төлөө тартибин эске алуу менен кредиттөөнүн жалпы көлөмү гана чектелет;
- финансы-кредиттик уюмдар фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредиттөө механизмдерин пайдаланууга укуктуу.
29. Зайымчылар табигый кырсыктарга байланыштуу кредиттерди кайтара албай калуу тобокелдиги пайда болгондо, финансы-кредиттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аны азайтуу боюнча чараларды өз алдынча көрүшөт.
9. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү
30. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү финансы-кредиттик уюмдар тарабынан төмөнкүдөй түрдө ишке ашырылат:
- кредитти алган күндөн тартып биринчи айдын ичинде зайымчылар кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдардын документтик ырастоосун (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар жана/же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү жөнүндө төлөм документтери жана башкалар) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш;
- зайымчыдан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетту алган датадан кийинки үч айдын ичинде финансы-кредиттик уюмдардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери жерине баруу аркылуу текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту тариздөө менен мониторинг жүргүзүшөт. Кредит максатсыз пайдаланылган учурда тиешелүү акт түзүлөт жана финансы-кредиттик уюм менен зайымчынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык бул кредит боюнча пайыздык ставка кредит берилген күндөн тартып жылдык 30 пайызга чейин жогорулатылат.
31. Зайымчылар финансы-кредиттик уюмдарга кредиттин максаттуу пайдаланылышын ырастоочу төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
- чыккан өлкөсү Кыргыз Республикасы экендиги жөнүндө СТ-1 формасы боюнча товардын/продукциянын келип чыгуу сертификатын;
- өндүрүштүк линиянын болушунун далилин;
- төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн.
КНСтин нөлдүк ставкасы боюнча продукцияларды жана товарларды жеткирүү жөнүндө контракттын болушу артыкчылык болуп эсептелет.
10. Финансы-кредиттик уюмдарда өтүнмөлөрдү каттоо системасы
32. Тандалып алынган финансы-кредиттик уюмдар Долбоордун алкагында кредиттерди берүүдө транспаренттүүлүктү, объективдүүлүктү жана бардык потенциалдуу кардарларга бирдей мамиле кылууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун кезектүүлүк системасын берүүгө тийиш. Бул система ишенимдүүлүктү жана финансы-кредиттик уюмдардын кызматкерлери тарабынан манипуляцияларды болтурбоо үчүн кардарлардын өтүнмөлөрүнүн параметрлеринин оңдолбошун камсыз кылууга тийиш.
33. Өтүнмө ээсине өтүнмөнүн каттоо номерин жана датасын, өтүнмө ээсинин кодун жана өтүнмө ээлеринин тизмесиндеги кезегин көрсөтүү менен документ берилүүгө тийиш.
34. Аталган система өтүнмө ээсинин номердик коду түрүндө, өтүнмө ээсинин толук жеке маалыматтарын жарыялабастан финансы-кредиттик уюмдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш.
11. Долбоордун натыйжалуулугун талдоо
35. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде финансы-кредиттик уюмдар Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча жыл сайын (отчеттук жылдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине зайымчылар тарабынан кредиттин максаттуу пайдаланылышы (кредиттик каражаттарга продукциянын, жабдуунун кандай түрлөрү, кандай имарат сатылып алынган жана башкалар), анын ичинде кредиттик каражаттарды алганга чейинки жана алгандан кийинки өндүрүштүн көлөмү, Долбоор башталганга чейин жана Долбоор аяктаганда түзүлгөн жумуш орундарынын саны, экспорттун көлөмүн кошкондо, өндүрүлгөн продукцияны сатуу көлөмү жөнүндө топтолгон маалыматты берет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Долбоор боюнча кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында отчеттук жылдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен финансы-кредиттик уюмдардан алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жиберет.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги отчеттук жылдан кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Долбоор боюнча кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берет.