Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2019-жылдын 13-майы № 238
Кыргыз Республикасында "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - иш-чаралар планы) иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө:
- иш-чаралар планын белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;
- иш-чаралар планында 2019-жылы Кыргыз Республикасында авиациялык-туристтик форумун уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди алдын-ала караштырсын;
- иш-чаралар планын иштеп чыгууда аэропорттук кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын пайдалануу менен эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу максатында авиациялык каттамдар тармагын жана аэропорттун ишин өнүктүрүү боюнча чет өлкөлүк тажрыйбаны эске алсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору ыкчам тартипте ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жүктөлсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызматынан бошотулгандыгына байланыштуу кеткен учурда, анын милдеттери жаңы дайындалган адамга өткөрүлөт.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |