Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-майы № 137-б
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 82-беренесинин 2-пунктун, 2014-жылдын 10-октябрында кол коюлган Армения Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишимдин № 3 тиркемесинин 64-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
- 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Армения Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын;
- 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 96-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |