Редакцияот 20.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 20- майы № 142-б

Соттук-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына республикалык бюджеттен "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган 23 822 000 (жыйырма үч миллион сегиз жүз жыйырма эки миң) сом суммасындагы акча каражатты соттук-укуктук реформа программасынын алкагында прокуратура органдарында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу үчүн бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөрүүлөрдү карасын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев