Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 8-майы № 128-б
Коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны өз убагында материалдык-техникалык камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүу жана елкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын «СЕIЕС» мамлекеттик компаниясынын ортосундагы Коомдук коопсуздук жана жол коопсуздугу системасы долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборун жайгаштыруу үчүн Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси, № 95 дареги боюнча жайгашкан имаратты даярдоого жана жабдууга «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «Мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр - санариптүү экономика» бөлүмүндө каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 23 237 690 (жыйырма үч миллион эки жүз отуз жети миң алты жүз токсон) сом бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |