Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 6-майы № 123-б
Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын аймактарында биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ушул буйруктун тиркемесинде корсөтүлгон объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 35 886 000 (отуз беш миллион сегиз жүз сексен алты миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бөлүнүүчү каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын аймактарында кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн объекттердин тизмеси
№ | Объекттердин аталышы | Болжолдуу наркы (мин. сом) | Курулманын түрү, индикатору | Эскертүү |
Ош облусу | ||||
| Алай району |
|
|
|
1 | Бүлөлү айыл аймагынын Абышка-Оозу участогунун Бүлөлү дарыясында коргоочу тосмонун курулуш иштери | 8800,0 | Коргоочу тосмо L= 600 пм. | Калыбына келтирүү талап кылынат |
Жалал-Абад облусу | ||||
| Ноокен району |
|
|
|
2 | Сакалды айыл аймагындагы Кыргызстан участогунда Кара-Үңкүр-Сай дарыясындагы № 6 коргоочу тосмонун курулуш иштери | 11 515,0 | Коргоочу тосмо L=200 пм | Калыбына келтирүү талап кылынат |
| Сузак району |
|
|
|
3 | Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылындагы Көк-Арт дарыясында жээк бекемдөө иштери | 10 500,0 | Коргоочу тосмо L= 195 пм | Калыбына келтирүү талап кылынат |
Ысык-Көл облусу | ||||
| Ысык-Көл району |
|
|
|
4 | Чолпон-Ата шаарынын чыгыш бөлүгүндө селден коргоочу каналдын курулуш иштери | 5 071,0 | Селден коргоочу канал L= 369 пм | Калыбына келтирүү талап кылынат |
| Жалпы суммасы | 35 886,0 |
|
|