Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 13-майы № 129-б
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Дуйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна төмөнкү автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте жайгаштырсын:
- 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № JN8FY15YXCX590926, кыймылдаткычынын көлөмү 4200 см3, мамлекеттик номери 01KG0875M, шассисинин № JN8FY15ҮХСХ590926, ак түстөгү NISSAN-PATROL маркасындагы автомобилди;
- 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № JN8FY15Y9CX590903, кыймылдаткычынын келөмү 4200 см3, мамлекеттик номери 01KG0874M, шассисинин № JN8FY15Ү9СХ590903, ак түстөгү NISSAN-PATROL маркасындагы автомобилди.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын, алардын наркын бааласын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте оперативдүу башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |