Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-марты № 69-б
1. 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуунун Жол картасынын долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Жол картасынын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
| Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасы |
Б.Ж.Жеенбаева |
| А.Ю.Бельянинов |
2019-ж. "__" ____________ |
| 2019-ж. "__" ___________ |
2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуунун ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
I. ЕАӨБ менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | |||
1 | Долбоорлорду өз учурунда жана натыйжалуу ишке ашыруу, тобокелдиктерди минималдаштыруу, колдонуудагы долбоорлордун алкагында каражаттарды пайдалануу прогрессин жана натыйжалуулугун баалоо максатында жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун багыттарын жана өнүктүрүү келечегин кароо жана талкуулоо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, ФМ |
2 | Өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин кароо жана ар жылдык негизде биргелешкен долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, ФМ |
II. Колдонуудагы долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңыларын даярдоо | |||
3 | ЕАӨБгө катышкан мамлекеттердин ортосунда транспорттук-логистикалык байланышты күчөтүүчү региондук программалардын алкагында инфраструктуралык долбоорлорду эл аралык өнүктүрүү банктары тарабынан тең каржылоо аркылуу транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө ЕАӨБдүн катышуусунун, анын ичинде ЕФСРнын линиясы боюнча катышуусунун максатка ылайыктуулугун кароо. Атап айтканда автожолдорду, (БАРЭК эл аралык коридорлору), темир жолдорду, телекоммуникациялык инфраструктураларды куруу | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, ФМ, министрликтер жана ведомстволор, ЭФИ/ЭУ (макулдашуу боюнча) |
4 | Транспорт каражаттарынын, анын ичинде темир жол транспортунун паркын модернизациялоо долбоорлоруна ЕАӨБдүн катышуу мүмкүндүгүн кароо (атап айтканда Көчмө курамды модернизациялоо программасы боюнча долбоорлордун алкагында ЕРӨБ менен бирдикте), ал эми аба транспортунун паркын модернизациялоо долбоорлоруна кыргыз авиакомпанияларынын долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү программаларынын алкагында катышуу мүмкүндүгүн кароо (бюджеттик тең каржылоо, субсидиялоо, мамлекеттик колдоонун башка чаралары) | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, ТЖМ, министрликтер жана ведомстволор, ЭФИ/ЭУ, кызыкдар уюмдар (макулдашуу боюнча) |
5 | Иштеп жаткан электр энергетикалык объекттерди, башка генерациялоочу жана тармактык активдерди реабилитациялоо жана модернизациялоо боюнча долбоорлордун алкагында, ошондой эле Борбордук Азиялык энергетикалык алкакты түзүүнүн жана электр энергиясын эсепке алуунун заманбап системасын киргизүүнүн алкагында электр энергетикалык сектордогу долбоорду ЭФИ менен бирдикте тең каржылоого ЕАӨБдүн катышуусунун, анын ичинде ЕТӨФтүн линиясы боюнча катышуусунун максатка ылайыктуулугун кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, ФМ, министрликтер жана ведомстволор |
6 | Агроөнөр жай комплекси жана текстиль өнөр жайында продукцияларды экспорттоону өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө турган, атап айтканда: 1) мөмө-жемиштерди өстүрүү жана аларды жарым фабрикаттарга чейин кайра иштетип чыгуу боюнча; 2) Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүнүн толук циклин өнүктүрүү боюнча; 3) АӨКда заманбап өндүрүштүк-логистикалык борборлорду түзүү боюнча АӨК долбоорлорун каржылоого ЕАӨБдүн башка мүчө өлкөлөрүндөгү инвесторлор менен бирдикте ЕАӨБдүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, министрликтер жана ведомстволор |
7 | Кыргыз Республикасында лизинг операциялар рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле ЕАӨБгө катышуучу мамлекеттерден айыл чарба техникасын жана жабдууларды импорттоону шарттаган тышкы соода операцияларын каржылоо аркылуу айыл чарбаны механикалаштыруунун деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоорлорду каржылоого ЕАӨБдүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, министрликтер жана ведомстволор |
8 | Кен металлургия комплексинде, атап айтканда кен казуу (баалуу, түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдар, асыл таштар жана чала асыл таштар) мунай жана газ чыгаруу тармагында потенциалды өстүрүү, ошондой эле металлдан жасалган алгачкы продуктуну жогорку даярдыктагы продуктуга кайра иштетүү үчүн ишканаларды кайра багыттоо боюнча инвестициялык долбоорлорду каржылоого ЕАӨБдүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, министрликтер жана ведомстволор, кызыкдар уюмдар (макулдашуу боюнча) |
9 | Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларын модернизациялоого жана өнөр жай парктарын түзүүгө ЕАӨБдүн катышуу мүмкүндүгүн кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, министрликтер жана ведомстволор, кызыкдар уюмдар (макулдашуу боюнча) |
10 | ЕАӨБдүн учурдагы максаттуу кредиттөө программаларынын: соодалык каржылоону колдоо программалары, чакан жана орто бизнести колдоо программалары, чакан кредиттөөнү колдоо программалары, агроөнөр жай комплексин колдоо программалары жана энергонатыйжалуу долбоорлорду колдоо программаларынын алкагында Кыргыз Республикасында коммерциялык банктарды каржылоо долбоорлоруна ЕАӨБдүн катышуу мүмкүндүгүн кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, КРУБ, ЭФӨИ/ЭУ, финансылык институттар (макулдашуу боюнча) |
11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн узак мөөнөттүү баалуу кагаздарын сатып алууга ЕАӨБдүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун жана мүмкүндүгүн кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, ФМ |
12 | Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталына катышуу долбоорлорунда ЕАӨБдүн катышуу мүмкүндүгүн кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, КРУБ, ЭФӨИ/ЭУ, финансылык институттар (макулдашуу боюнча) |
13 | Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын ЕАӨБдүн корреспонденттик тармагына туташтыруу мүмкүндүгүн кароо | 2019-жыл | ЕАӨБ, КРУБ, финансылык институттар (макулдашуу боюнча) |
14 | ЕАӨБдүн долбоордук ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу компанияларынын тобокелдиктерин кабыл алуу мүмкүндүгүн кароо | 2019-2020-жылдар | ЕАӨБ, Мамфинкөзөмөл, ФМ, камсыздандыруу компаниялары (макулдашуу боюнча) |
III. Социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана техникалык колдоо көрсөтүү жаатында өз ара аракеттенүү | |||
15 | Гранттык каражаттардын эсебинен ушул Жол картасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн техникалык көмөктөшүү мүмкүндүгүн кароо | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, ФМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
16 | Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун гранттарын тартуу жана аларды алууга өз убагында кайрылуу берүү боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен социалдык чөйрөдөгү гранттар боюнча кызматташууну кеңейтүү | 2019-2021-жылдар | ЕАӨБ, ФМ, ЭСӨМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
IV. Жол картасынын иш-чараларын аткаруунун жүрүшүн контролдоо жана отчет берүү | |||
17 | ЕАӨБ менен кызматташуунун натыйжалары жөнүндө маалыматты жана кезектеги жылга кызматташуу боюнча сунуштарды ФМге жиберүү | 2020-жылдын 31-январына чейин 2021-жылдын 31-январына чейин 2022-жылдын 31-январына чейин | ЕАӨБ, ФМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Акронимдер жана кыскартуулар
АӨК | - | агроөнөр жай комплекси |
ЕАӨБ | - | Евразия өнүктүрүү банкы |
ЕРӨБ | - | Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы |
ЕТӨФ | - | Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду |
ЭУ | - | эл аралык уюмдар |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭФӨИ | - | Эл аралык финансылык өнүктүрүү институттары |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ӨККТЖ | - | Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолу |
БАРЭК | - | Борборазиялык региондук экономикалык кызматташтык |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |