Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-марты, № 58-б
Ысык-Көл облусун региондук өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү комплекстүү стратегиясын жана планын иштеп чыгуу, Ысык-Көл түштүк алкагынын жолун реконструкциялоо боюнча даярдык көрүүчү изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Ысык-Көл облусун региондук өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү комплекстүү стратегиясын жана планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ зарылдыгына жараша министрликтердин, административдик ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин адистерин жана көз карандысыз эксперттерди өз ишине белгиленген тартипте тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Кол облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты на жүктөлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Ысык-Көл облусун региондук өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү комплекстүү стратегиясын жана планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эконономика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси;
- Дүйнөлүк банктын транспорт боюнча адиси Айдай Баялиева (макулдашуу боюнча);
- Дүйнөлүк банктын консультанты Арстан Муктаров (макулдашуу боюнча);
- Дүйнөлүк банктын эксперттик тобунун жетекчиси Джон Дрисколл (макулдашуу боюнча);
- «Элкель инвест» инвестициялык-консалтинг компаниясынын директору Мамытов Улукман Эсенбекович (макулдашуу боюнча);
- «Кыргызстандын эл аралык университети» академиялык мекемелер консорциумунун жасалма интеллект лабораториясынын көз карандысыз эксперти Айдралиев Акылбек Орозбекович (макулдашуу боюнча).