Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-майы № 160-б
1. 1999-жылдын 8-октябрында Ялта шаарында кол коюлган Эркин экономикалык зоналарды түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажы контролунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаковго жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |