Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 31-майы № 182-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мунай жана мунай азыктарын берүү жаатында соода-экономикалык кызматташуу маселеси жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Ж.К.Сагынбаевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мунай жана мунай азыктарын берүү жаатында соода-экономикалык кызматташуу маселеси жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Сагынбаев Жиргалбек Калмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, делегациянын башчысы; |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Ниязалиев Нурлан Садырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Алишеров Эльдар Туралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Нарбеков Шайлообек Ширибайевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Мамасадыков Султан Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жамгырчиев Эмил Эрикович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович | - | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору. |