Редакцияот 30.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 30-майы № 175-б

"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштерине көмөк көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандагы эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2006-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № TD42185584, кузовунун № JNITCSY61Z0559668, кыймылдаткычынын көлөмү 4200 см3, ак түстөгү "Ниссан-Патрол", ошондой эле 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № TD42207082, кузовунун. № JNITCSY61Z0572064, кыймылдаткычынын көлөмү 4200 см3, ак түстөгү "Ниссан-Патрол" маркасындагы автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосунда жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана 2006-жылы чыгарылган "Ниссан-Патролду" Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана 2008-жылы чыгарылган "Ниссан-Патролду" Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Ош облусунун Ноокат райондук жана Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациялары белгиленген тартипте ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында аталган автотранспорт каражаттарын ыкчам башкарууга кабыл алсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев